Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 01:18
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Аалымдар кеңешинин мүчөсүнө президенттин энчилүү сааты тапшырылды (сүрөт)

22.06.2020 09:39
1689
Аалымдар кеңешинин мүчөсүнө президенттин энчилүү сааты тапшырылды (сүрөт)


Кыргызстандын тунгуч муфтийи,  Аалымдар кеңешинин ардактуу мүчөсү Кимсанбай ажы Абдурахмановдун 80 жылдык мааракесине карата президент Сооронбай Жээнбековдун энчилүү сааты жана куттуктоосу тапшырылды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, сыйлык тапшыруу иш-чарасына Президенттин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов жана Кыргызстан Мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев катышты.


Кудайберген Базарбаев Кимсанбай ажынынын 80 мааракеси менен Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосун айтып, анын Кыргызстан гана эмес Борбор Азияда мыкты шакирттерди тарбиялып, исламдын салттуу баалуулуктарын даңазалап, Кыргызстанда тунгуч медресени ачып, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатка кошкон салымын баса белгиледи.


Ал эми Зайырбек Эргешов Кимсанбай ажынын Кыргызстан мусулман коомчулугунун өнүгүшүнө зор салым кошуп, Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгын биринчилерден түптөп, Муфтийлик кызматта турганда бир катар алгылыктуу жумуштарда аткарганын айтып, белектерин тапшырды.


Сөз соңунда муфтий Максатбек ажы Токтомушев Кимсанбай ажынын 80 жылдык маарекеси менен дагы бир жолу куттуктап, жылуу каалоо-тилектерин айтты. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн