Бугу 10, 2024
Убакыт: 00:01
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Аба булганып жатат деп завод-фабрикаларды токтотуу менен кантип өнүккөн өлкөнү курабыз?

02.02.2021 10:37
886
Аба булганып жатат деп завод-фабрикаларды токтотуу менен кантип өнүккөн өлкөнү курабыз?

Ош шаарынын жанындагы (5 чакырым алыстыктагы) Жапалак айылындагы арматура чыгарган заводдун иши убактылуу токтотулганы маалым болду. Буга жергеликтүү тургундардын заводдун трубасынан чыккан түтүн алардын саламаттыгына терс таасирин тийгизип жатат деген нааразычылыктары болду. Кече 1-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, заводдун ишмердүүлүгүн атайын комиссия иликтей турганын айтты.


Албетте, абанын булганышы калктын саламаттыгы үчүн терс таасирин тийгизет. Бирок, абанын көбүрөөк эмнеден булганып жатканын текшерүү, ошого көңүл буруу андан маанилүү. Мисалы, Ош шаары – өндүрүшү өнүкпөгөн шаар. Анда саналуу гана заводдор, цехтер иштейт. Ал эми Ош шаарынын көчөлөрүндө күнүнө 120 миңдин тегерегинде автоунаалар каттайт. Шаардын абасын булгаган эң негизги булак – дал ушул автоунаалардан чыккан уулу газ. Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча азырынча Ошто абанын булганышы жол берилген нормадан ашпайт. Бирок, экологдор бул жаатта танчсызданууга, алдын-алуу чараларын көрүүгө негиз бар деп эсептешет.


Жогоруда белгилеп кеткендей, шаардын абасынын булганышынын негизги булагы – бул автоунаалардан чыккан түтүн. Алардан чыккан уулуу газдар адам боюна тең чендеги атмосфераны булгаганы үчүн дагы коркунучтуу. Демек, завод-фабрикаларды абанын булганышына күнөөлөп, ишин токтотуудан мурун ушул автоунаалардан чыккан түтүндүн маселесин чечип алуу маселеси бар. Бул жаатта дүйнөнүн көптөгөн башка өлкөлөрүнүн мисалында иш алып барсак болот. Тактап айтсак, автоунаалардын шаар ичинде жүрүүсүнө кезек-кезеги менен чектөө киргизүүнү караш керек.


Мындан тышкары Ош шаарындагы ТЭЦтен тышкары, ар бир кичи районунда отканалары бар. Алардын баары кышкы жылытуу маалында мазут жана көмүрдү пайдаланат. Алардан чыккан уулуу заттар да абанын булганышына таасир этет. Демек, ошол отканалардын ишин зыянсыздандыруу багытына буруу керек. Балким, газдаштырууну башташ маанилүү.


Шаар ичиндеги май куюучу жайлар дагы абанын булганышына кандай тескери таасирин тийгизээрин эч ким айткысы келбейт. Алардан чыккан уулу зат айланасындагы жүз метрге чейинки аралыкка өтө коркунучтуу келет. Айрым май куюучу жайлар турак-үйлөрдүн, аялдамалардын жанына жакын жайгашып калган. Жалпысынан Ош шаарында 40тан ашуун май куюучу жайлар бар. Алар кайсы бир адамдардын чөнтөгүн кампайтып жатканы менен шаардын абасы жана тургандардын жашоосу үчүн кооптуу. Ошол май куюучу жайларды шаардын сыртан чыгарса болот. Шаар борборунда алардын жарымысы калса деле жетиштүү.


Ош шаарындагы таштанды талаасы да абанын булганышына чоң салымы бар. Ал талаадагы таштандылар күйгөндө, андагы түтүн айланасындагы бир чакырымга чейинки жандуулардын баарын ууландырат.


Демек, шаардын абасын завод-фабрикалар эле булгап жатпаганын түшүнөбүз. Анын үстүнө ал завод-фабрикалар жумушчу орундарын түзүп, мамлекетке салык төлөп, өлкө экономикасы үчүн салым кошуп келет. Ансыз деле Ош шаарында мындай завод-фабрикалардын саны 10го жетпейт. Анан алардын баарын жаап сала турган болсок, дагы канча мекендешибиз аргасыздан мигрант болуп кетиши керек болот. Ырас, ал завод-фабрикалардан чыккан түтүн абаны канчалык деңгээлде булгап жатканын текшербеш керек дегенден алыспыз. Текшериш керек, эгерде чыккан түтүндү тазалоочу жабдуулары жок болсо, айып пул салып, анан дагы ошол жабдууну алып орнотууга милдеттендирүү зарыл. Бирок, ишин токтотуу өзүбүздүн эле чөнтөгүбүзгө зыян. Экинчиден, ошол завод-фабрикалардан чыккан курулуш материалдарынын баасы сырттан келгендерге салыштырмалуу кыйла арзан болот. Ал эми өзүбүздүн заводдор токтоп калса, анда сырттан келген курулуш материалдарынын баасы дагы кымбаттайт. Андыктан завод-фабрикалардын ишин токтотуу талабын коердон мурун, анын кесепеттери кандай болорун да анализдеп алсак туура болмок.


Дагы бир маанилүү жагдай, биз улам бир ишти баштаган завод-фабриканын ишине каршы чыга берсек, анда кантип бизге сырттан инвестиция келет? Башка өлкөлөрдө ошондой эле завод-фабрикалар иштеп жатпайбы?


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн