Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:50
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Аба ырайы: Эртең өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаашы күтүлөт

06.04.2020 20:14
746
Аба ырайы: Эртең өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаашы күтүлөт


7-апрелде өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан-чачын жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдирди.


Маалыматка ылайык, күндүз Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо карга айланат. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Тоолордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.


Абанын температурасы:

Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында түнкүсүн +5...+10, күндүз +19…+24;

Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +14…+19;


Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8°, күндүз +22…+24 градус жылуу болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн