Синоптиктердин маалыматына караганда, 17-майдан 20-майга чейин Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо карга айланат.
17-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, 18-майда күндүз Баткен, 19-майда жана 20-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Айрым жерлерде мөндүр коштойт.
Бул күндөрдөгү нөшөрлүү жаандан улам тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар. Дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн