Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 11:45
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Аба ырайына байланыштуу ашууларда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди

15.03.2024 09:09
143
Аба ырайына байланыштуу ашууларда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди


Аба ырайына байланыштуу "Сосновка" жана "Арал" постторунда жана Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, мындай чара жол кырсыктарын алдын алууга багытталган. Чектөөлөр качан алынары тууралуу кошумча маалымат берилет.

ЖКККББ узак жолго чыккан айдоочулардан жол эрежелерин, унаалардын ортосундагы аралыкты жана коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн