Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:44
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аба, суулар тазарды! Коронавирустун экологияга тийгизген таасири

20.03.2020 16:21
2326
Аба, суулар тазарды! Коронавирустун экологияга тийгизген таасири


Дүйнөгө коронавирус пандемиясы олуттуу таасирин тийгизүүдө. Ири шаарлар жабылып, учактар учпай калды, ал эми адамдар үйлөрүнөн чыкпай отурушат. Бул глобалдык карантин дүйнө экономикасы менен саламаттыкты сактоо тармактарын силкинтип эле тим болбостон, планетанын экологиясына да өз таасирин тийгизүүдө. 


Жада калса, айрым окумуштуулар коронавирус пандемиясы булганган экологиядан каза таап жаткан миллиондогон адамдарды өлүмдөн сактап калат деген пикирин да айтып чыкты.


"Медиа центр" мультимедиалык-маалыматтык агенттиги коронавирустун биздин планетанын экологиясына тийгизип жаткан таасири тууралуу маалыматтарды окурмандарга сунуштоону туура көрдү.  

 

Кытайда карантинден кийин абанын булгануусу 25 пайызга азайган

 

Өткөн айда АКШнын аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча улуттук башкармалыгы спутниктен тартылган сүрөттөрдү жарыялады. Андан Кытайдагы абанын булгануусу кескин азайганы көрсөтүлгөн. 




Серепчилер бул нерсени коронавирустан улам Кытайдагы завод-фабрикалардын иштебей тургандыгы менен байланыштырууда.  Мындан сырткары карантинден улам элдер да автоунаалар менен жүрүүнү токтотушкан. Бул абага булганыч заттардын чыгуусун кескин азайткан. Кытайда февраль айынын башынан бери абадагы зыяндуу заттар 25 пайызга азайган. 


Кытай - планетада абаны эң көп булгаган өлкө. Абадагы зыяндуу заттардын 30 пайызы дал ушул Кытайдан чыгат. АКШлык профессор Маршалл Берк булганган абадан улам Кытайда бир жылда 100 миңдеген адамдар каза болорун айтып, зоводдор бир жарым ай иштебей турганда 70 миңге чукул адамдын өмүрү сакталганын билдирген.  


Коронавирус Европанын экологиясына кандай таасир тийгизди?


Коронавируска байланыштуу карантиндер киргизилгенден кийин экологиялык абал Европада да жакшырган. Соңку учурда Европанын абасындагы зыяндуу заттар 50 пайызга азайган. 


"Европа космос мейкиндигин изилдөө агентигинин" сүрөттөрүнөн да Италияда абанын булгануусу кескин азайганын көрүүгө болот.

 



Карантин учурунда экологиясы эң көп тазарган бул Италиянын Венеция шаары. Италияга жалпы карантин киргенден кийин, бул шаардын каналдарындагы суулар тунуп, тургундар көп жылдан бери көрө элек ак куулар учуп келе баштаган. Ошондой эле өрдөк, балык, дельфиндер да шаар ичиндеги каналдарда пайда болгон.  Бул нерсе карантинден улам, Венецияга туристтердин агымы токтоп, каналдарда моторлуу кайыктардын жүрбөй калгандыгынын натыйжасында болгон.  





Тазаланган аба пандемияга каршы күрөштө кандай жардам берет? 


Окумуштуулар таза аба менен адамдардын ылаңга каршы күрөшүүдөгү жөндөмүнүн ортосунда ажырагыс байланыш бар экендигин айтышат. Анткени адамдын иммунитетин курчап турган чөйрө калыптандырат, көп жылдап булганган аба пандемия болгон учурда анын бат таралышын камсыздап, анын кесепетин күчөтөт дешет. 

Хьюго Обсерваториясынын директору Франсуа Жемен башкача пикирде. Ал: "Жыйынтыгында коронавирустан каза болгондордун саны, абанын булгануусунан, адамдардын каза болуп жаткан учурларды эске алганда азыраак жамандык болуп калуусу мүмкүн" деген пикирин айткан. Жемен мырза ошондой эле жыл сайын булганыч абадан улам дүйнөдө 8 миллиондон ашуун адам каза табарын билдирген.




  



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн