Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 13:39
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Аба жетпей, кыйналып ыйлашууда. Касымалиева СOVID-19 вирусун жуктурган дарыгерлер менен сүйлөшкөнүн айтты

12.04.2020 15:00
4876
Аба жетпей, кыйналып ыйлашууда. Касымалиева СOVID-19 вирусун жуктурган дарыгерлер менен сүйлөшкөнүн айтты


Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева Ош шаарында коронавируска чалдыккан дарыгерлер менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн фейсбук баракчасына жазды. Анда ал дарыгерлердин ал абалын сурап, алар аны каралоодон коргонууда көмөктөшүүгө чакырганын жазат. 

Эл өкүлүнүн билдирүүсүн өзгөртүүсүз беребиз. 


"Ош шаарында коронавируска чалдыккан дарыгерлер менен телефон аркылуу сүйлөшүп чыктым.


⏺Абалдары күндөн күнгө начарлап, баары эле кошумча дем алдыруучу аппаратта. Кан аралаш жөтөлгөндөр бар. Сүйлөй албай калгандары бар. Мени менен сүйлөшүп жатып да, аба жетпей, сүйлөй албай калып жатышты. Ыйлагың келет! "Бизди акчасы да, эчтекеси кызыктырбайт, тирүү калсак деп жатабыз. Биздин атыбызды, аброюбузду коргоп бергиле!", - деп ыйлашты. Баары эле өмүр бою иштеген дарыгерлер.


⏺ Биринчи күндөрү жетекчилик аларды умрадан келгендерден анализ алууга жөнөткөн, ал жерде спец форма менен болгон күндө да, кийин ординатордук бөлүмдө чогуу тамактанып, маршруткаларда чогуу жүрүшөт.


⏺Алар азыр өлүм менен күрөшүп жатканда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин "алар ажы тойго барган" деген маалыматты тараткан чиновниктери жазасын алууга тийиш. Бул маселе Жогорку Кеңеште да каралат. Расмий түрдө Өкмөткө, штабка да кат менен кайрылдым.


⏺Компенсация төлөбөй коюу максатында да врачтардын өздөрүн күнөөлөп жатышат деп кайрылгандар бар. Бизди "унчукпагыла деп, кысым жасап жатышат" деген дарыгерлер канча. Урматтуу Саламаттыкты сактоо министрлиги, ушундай оор кырдаалда так иштениздер! Бул маалыматтар иликтенбей калбайт.


⏺ Азыр 63 медицина кызматкери ооруну жуктуруп алган. Алар боюнча так маалымат жок. Мен тактай алган дарыгерлер менен баарлаштым", - деп жазат Касымалиева кайрылуусунда. 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Гүли
Бизде эмнеге көрсөтүлбөй жатат абалдары кандай экенин элге көрсөтсө болбойбу.мин уккандан бир көргөн жакшы дейт го.биздин атка минерлерге ишениш кыйын болуп калган ишенбейбиз.баягы политикасына карап элди кыйнап жатасынар деген ой пайда болуп жатат,итак кыйналып турганбыз.ого бетер кыйнап атасынар