Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:28
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Абакирова: Президент өкмөттүн курамын курултайдын сунушу менен жумуштан ала алат

09.12.2020 15:20
1090
Абакирова: Президент өкмөттүн курамын курултайдын сунушу менен жумуштан ала алат

Конституциялык кеңешменин "Мамлекеттик бийлик органдары" секциясы үч бийликтин ыйгарым укуктарын белгилөөнүн үстүнөн иштөөдө. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Конституциялык кеңешменин мүчөсү Асел Абакирова билдирди.

Ал белгилегендей, кеңешменин иши ачык-айкын өтүүдө.

"Өкмөт башчы же өкмөт мүчөлөрүн Элдик курултайдын сунушу менен жумуштан четтетүү маселесин президенттин ыйгарым укугуна жазып чыктык. Бирок бир дагы беренеге чекит кое элекпиз, баары каралууда. Биздин секция карап чыккандан кийин пленардык жыйында да каралат", - дейт ал.

Абакирова теле аркылуу Конституциянын жаңы долбооруна нааразы болуп жаткандарды келип бирге иштешүүгө чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн