Депутат Дүйшөн Төрөкулов жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алуу боюнча референдумга добуш берди. Бул көрүнүш коомчулуктун талкуусуна жем таштады.
Социалдык тармактарда жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алуу боюнча референдумга добуш берүү кандайча өткөндүгү жөнүндө видео жарыяланды.
Тасмадан байкалгандай, залда депутаттардын жарымынан азы катышты. Айрым парламентарийлер үчүн башка эл өкүлдөрү добуш берүүгө аракет кылышты. Бирок, аларды журналисттер тасмага тартып жаткандыгын байкап, айрым депутаттар бирөөнүн ордуна добуш берүүдөн баш тарткан.
Ал эми эл өкүлү Акылбек Жапаров жанында отурган депутаттардын ордуна добуш бергени видеого түшүп калган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн