Бугу 19, 2024
Убакыт: 12:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Абакта отурган "Манас" аэропортунун мурдагы башчысынын жүрөгү кармап, тез жардам чакырылды

18.03.2021 17:45
1358
Абакта отурган "Манас" аэропортунун мурдагы башчысынын жүрөгү кармап, тез жардам чакырылды

"Манас" эл аралык  аэропортунун мурдагы башчысы Мурат Примбердиевге тез жардам чакыртылды.Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков Vesti.kg сайтына билдирген.



Ички иштер министрлигинин Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында жаткан "Манас" аэропортунун мурдагы башчысы Мурат Примбердиевдин жүрөгү кармап транспорттук полиция тез жардам кызматын чакырган.


"Мурат Примбердиев жүрөгү кармап калды. Азыр анын абалы канааттандырарлык. Адвокаттын айтымында, Мураттын калкан безин алып салышкан. Бирок бул маалымат документалдык далилдерсиз кабарланган. Адвокат белгилегендей, Примбердиев медициналык кароодон өтүшү керек",- деп билдирди Рысбеков.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн