Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:29
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Абакта отурган жарандан опузалап пара талап кылып жүргөн Жаза аткаруу комитетинин кызматкери кармалды

09.02.2022 13:42
652
Абакта отурган жарандан опузалап пара талап кылып жүргөн Жаза аткаруу комитетинин кызматкери кармалды

Опузалап пара алуу фактысы боюнча КР ЮМ караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


    2022-жылдын 8-февралында КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган (Опузалап пара алуу) кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүнтүн алкагында, пара алып жаткан жеринен КР Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын 47-ТМ улук ыкчам кызматкери, аскер бөлүгүнүн капитаны “О.И.К.” кармалды.


    “О.И.К.” кызмат абалынан пайдаланып, коркутуу жолу менен КР ЮМ караштуу ЖАКнын 47-ТМде жазасын өтөп жаткан соттолгон “А.А.Х.” акча талап кылганы аныкталган.

 

  Ошондой эле белгилей кетүүчү нерсе, кармалган “О.И.К.” соттолгондун эркине каршы башка түзөтүү мекемесине өткөрүп берем деп коркутуу менен жана жогоруда аталган түзөтүү мекемеде жазасын өтөп жаткан терс көз караштагы соттолгондордун мүмкүнчүлүктөрү аркылуу 2021-жылдын апрелинен 2022-жылдын 28-январына чейин соттолгондон акча каражатын алып турган. 

 

  Кармалган жаран КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн