Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 23:17
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Абактагы Алмазбек Атамбаевдин Батукаевдин иши боюнча билдирүүсү

02.09.2020 12:36
953
Абактагы Алмазбек Атамбаевдин Батукаевдин иши боюнча билдирүүсү


Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулуп, өлкөдөн чыгарылганына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча билдирүү таратты.


А.Атамбаевдин билдирүүсүндө: "Президент катары 2011-жылдан тартып мен 80ден ашуун киши каза таап, жүздөгөн адам жараат алган 7-апрель окуясында кылмыштуу буйрук берген Жаныш Бакиевди экстрадициялоо үчүн бардык чараларды көрдүм. "Батукаев иши" аркылуу 2012-жылы УКМКнын пландалган операциясынын натыйжасында Жаныш Бакиев Кыргызстанга алынып келиши керек эле.


Операцияны жетектөөнү анын демилгечиси, УКМКнын ошол кездеги төрагасына тапшыргам. Мунун баары кылмыш ишинин материалдарында бар. Бирок кылмыш иштин бир дагы материалында, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүндө мен тараптан коррупциялык же башка аракеттер жок. Болушу да мүмкүн эмес. Ошондуктан, чындыкты жашыруу үчүн бийликтин чечими менен сот жабык өтүп, материалдар сыр сакталды. Тилекке каршы, УКМКнын операциясы ийгиликтүү болгон жок. "Батукаев иши" боюнча өкүм менен Сооронбай Жээнбековдун бийлиги иш жүзүндө Жаныш Бакиев жана анын шериктерине кол тийбестик берип койду" деп жазылган.


Буга чейин маалымдалгандай, Биринчи май райондук соту Азиз Батукаевдин иши боюнча Алмазбек Атамбаевди 11 жыл эки айга эркинен ажыраткан. ОШондой эле анын мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик сыйлыктары жокко  чыгарылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн