Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:49
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Абал курч: Бишкек мэриясы ыктыярчыларды жардамга чакырды

28.06.2020 19:27
970
Абал курч: Бишкек мэриясы ыктыярчыларды жардамга чакырды


Республика боюнча эпидемиологиялык абал курч бойдон калгандыктан, медиктер, эпидемиологдор март айынан бери күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат, алардын шайы кетип, ооруп калышууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы 28-июнда билдирди. 


Мэрия медиктер жетишпегенине байланыштуу ыктыярчылардан дарыгерлерге жардам берүүнү суранууда. 


"Биз кайдыгер карабаган жарандардан, ординатор, медик жана вирусологдордон пандемия учурунда жардам берүүнү суранабыз. Бишкек медициналык кызматкерлерге муктаж", - деп айтылат маалыматта. 


Мэрия дарыгер Шакир Турсунбаевдин кайрылуусун жарыялаган, анда ал ыктыярчыларды 0558755577, 0554994949 номурлары аркылуу байланышууну суранган. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн