Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 21:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Абал курч бойдон, коронавирус менен күрөшүүнү токтотуу азырынча эрте, - Үсөнбаев

28.08.2020 11:30
977
Абал курч бойдон, коронавирус менен күрөшүүнү токтотуу азырынча эрте, - Үсөнбаев


Өлкөдө эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 28-августтагы брифингде билдирди.


Анын айтымында, коронавирус менен күрөшүүнү токтотуу азырынча эрте. 


"Жарандар буга чейин айтылып келген санитардык талаптарды аткарууну унутпашы керек. Дайыма беткап тагынып, гигиенаны сакташы зарыл. Коомдук жайларда беткап тагынуу талабын көпчүлүк жарандар аткарбай жатат. Той-аштарды өткөрүп жаткандар болууда. Аларды текшерүү уланууда. 


Статистикалык көрсөткүчтөр азайганы менен коронавирусту жугузган адамдар күн сайын аныкталууда. Ошондуктан жакындарыңарга, балдарыңарга кам көрүүнү улантыңыздар. Коронавирус менен күрөшүүнү токтотуу азырынча эрте", - деди Нурболот Үсөнбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн