Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:19
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Карантинге карабай Зайырбек Ажыматовго топурак салууга көп киши келди

01.05.2020 11:32
1542
Карантинге карабай Зайырбек Ажыматовго топурак салууга көп киши келди


Үстүбүздөгү жылы 29-майда 44 жашында көз жумган акын, журналист Зайырбек Ажыматов бүгүн, 1-майда “Ала-Арча” көрүстөнүндө жерге берилип жатат.


Зайырбектин “Азаттыктагы” кесиптештери билдиргендей, коронавирус эпидемиясына карабай, маркумдун бир топ замандаштары, жакындары, достору жана аны сыйлаган адамдар келип, топурак салып жатышат.


Журналисттин айтымында, белгилүү коомдук ишмерлер, манасчылар, акын-журналисттер, саясатчылар келишти. Алардын ичинен Жогорку Кеңештин депутаттарын, Маданият министри Азамат Жамангулов баштаган маданий өкүлдөрдү, калемдештери, экс-депутат Камчыбек Ташиевди, журналист Жедигер Саалаевди, төкмө акын Амантай Кутманалиевди көрүүгө болот.


Ал Элмирбек Иманалиевден анча алыс эмес жерге коюлуп жатканын байкоого болот. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн