Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 09:40
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Абдыганы Эркебаев Акаевдин президент болуп калышына кандай салым кошконун айтты

19.02.2021 13:22
735
Абдыганы Эркебаев Акаевдин президент болуп калышына кандай салым кошконун айтты


Академик, ЖКнын мурдагы спикери Абдыганы Эркебаев Аскар Акаевдин президент болуп калганына кантип салым кошконун “Азаттык” үналгысына берген маегинде билдирген.


1990-жылы октябрда президенттик шайлоо өтүп, ага Апсамат Масалиев, Апас Жумагулов, Жумгалбек Аманбаев ж.б. катышып, “ит жыгылыш” болуп калганы белгилүү. Мен парламенттин депутатымын. Ошондо мага академик Ж. Шаршеналиев телефон чалып, “Аскар Акаев азыр Москвада академик Самарскийдин үйүндө отурат, телефон чалбайсыңбы, келип шайлоого катышсын” деп сунуш айтып калды.

 

Мен Аскар Акаевич менен байланышып, Кыргызстанга тез учуп келүүгө көндүрдүм. Эртеси айдоочусу Рысбек деген жигит “келдик” деп телефон чалды. Ошентип тагдыр экен, буйрук экен, шайлоодо Акаев утуп чыгып, Кыргызстандын биринчи президенти болуп калды. Анын мамлекет башчысы болуп калышына демократиялык күчтөрдөн турган 114 депутаттын колдоосу да чоң болгон”, - дейт Эркебаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн