Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 03:02
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Абдыганы Эркебаев: Кайсы кызматта иштебейин, мамлекеттин, элдин мүлкүнө кол салган жокмун (видео)

13.06.2021 21:02
1288
Абдыганы Эркебаев: Кайсы кызматта иштебейин, мамлекеттин, элдин мүлкүнө кол салган жокмун (видео)


Мамлекеттик жана коомдук ишмер, адабиятчы, академик Абдыганы Эркебаевдин басып өткөн жолу, өмүр таржымалы, эркиндикке салымы тууралуу.


- Окурман журту жакшы билет, 2-курстан сын макалаларым чыгып, атактуу адамдардын, Чыңгыз Төрөкулович Айтматов (ал кезде көзү тирүү), Касымалы Баялинов, Түгөлбай Сыдыкбековдун романдарына чейин жакшысын жакшы деп, өзүм байкаган кемчиликтерди да көрсөткөм. Ошон үчүн мени “кыргыздын Белинскийи” деп коюшчу. Курч элем, тартынбаган-тайманбаган.


Саясатта жүргөндө алгачкы жылдары курч болдум. Кийинчерээк өтө өткүр болбодум, батыл кадамдарга бара алган жокмун...


Кудуретим, өзүмдүн аракетим, элдин колдоосу, батасы менен Кыргыз мамлекетинин эркиндикке умтулушуна, өзүнчө мамлекет болушуна салымымды коштум. Ушуну дайыма канаттануу менен белгилейм, башымды өйдө көтөрүп жүрөм.


Кандай чоң кызматтарда иштеген жокмун, эч убакта айлыгымдан башка, мамлекеттин казынасына, мамлекеттин, элдин мүлкүнө көз артып, суук колумду салган жокмун, каржы иштерине, бизнеске аралашкан жокмун деп айта алам. Мен үчүн элдин урматы, ишеничи - ыйык.


Булак: ПолитКлиника


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Абдилазиз Бадиров
Чындык ото таза инсан ,Ден соолукта болунуз!!!