Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 12:54
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Абдыкадыров Чехиядан келген делегация менен жолугушту

09.09.2022 14:21
812
Абдыкадыров Чехиядан келген делегация менен жолугушту

Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров Парламент депутаттар палатасынын төрагасынын орун басары Ян Бартошек баштаган Чехиянын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда тараптар достук мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Абдыкадыров Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаадагы тарыхый эстеликтерди сактоого өзгөчө маани берерин жана Чехословакиядан келген «Интергельпо» кооперативинин тарыхый мааниси тууралуу керектүү маалыматтарды табууга көмөктөшүүгө даяр экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, Чехия делегациясы боордош көрүстөнүндөгү Чехословак мүрзөлөрүнө, Интергельпо районуна, Ю.Фучик паркына жана А. Дубчектин үйүнө барууну пландаштырууда.

Жолугушууга Чехиянын Кыргызстандагы элчиси Гикл Рудольф, 1-катчы, Чехия элчисинин орун басары Йозеф Богач, Чехиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Марат Жаанбаев жана Чехиянын Коргоо министрлигинин аскер мүрзөлөрүн багуу боюнча департаментинин директору Павел Куглер катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн