Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:44
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Абдыкадыров: Таштандыны кайра иштетүүчү заводдон мурда аны сорттоочу линия курушубуз керек

28.04.2022 12:16
451
Абдыкадыров: Таштандыны кайра иштетүүчү заводдон мурда аны сорттоочу линия курушубуз керек

Таштандыны кайра иштетүүчү заводдон мурда таштандыны сорттоочу линия курушубуз керек. Мындай пикирин Бишкек шаарынын мэри Эмил Абыдкадыров билдирди.


Буга чейин министрлер кабинети быйылкы жылы таштанды сорттоочу завод куруу милдетин койгон. 

"Биздин жарандар бул заводду көптөн бери күтүп жатышат. Андыктан таштандыны өрттөп же сорттоочу завод куруш керек. Мен шаар тургуну катары ушуну күтүп жүргөм, ал эми мэр болгон соң алдыма №1 тапшырма катары койдум. 2017-жылы 22 миллион евро бөлүнгөн, анын жарымы грант, жарымы кредит. Учурда бул акчанын 11 миллион евросу калып, калган каражат натыйжасыз пайдаланылганын социалдык тармактарда жазып чыгышты", — деди ал.


Ал мэр болгондон кийин 11 миллион евро кайда кеткенин тактап жатканын, муну менен Эсеп палатасы дагы алек экенин билдирди.

"Калган 11 миллионго жок дегенде таштанды сорттоочу линия ачышыбыз керек. Быйыл эле инвесторлор келип, жаңы завод курулат десем аша чапкан болом. Калган акчага жок дегенде линия куруп алсак, таштанды полигонунун көйгөйү 30 пайызга чечилип калат", — деди мэр.


Ал буга чейин эл аралык донорлор, инвесторлор, элчилер жана бир катар чет элдик компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөргөнүн белгиледи.


"Ушул жумада биз немец компаниялары менен таштандыны өрттөп же кайра иштетүүчү завод куруу боюнча меморандумга кол коюуну пландап жатабыз. Аны куруу керек, бул бизге абадай зарыл", — деди Абдыкадыров.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн