Бугу 03, 2024
Убакыт: 14:36
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Абдыкадыров курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту

06.06.2023 09:30
186
Абдыкадыров курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту


Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров курулуш компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга «ACT BUILDING», «Royal Construction», ТОО «ОЗТОПРАК», «Кыргыз Каганат» компанияларынын, «Ала-Арча» соода комплексинин, Ч.Айтматов проспектиси, 243 имаратынын жана "Демир Кыргыз эл аралык банкынын" өкүлдөрү, ошондой эле мэрдин орун басары Мурат Осмонов, борбор калаадагы тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө борбор калаанын мэри Айтматов проспектиси, 243 дарегиндеги имараттын тосмосун бузуп, тиешелүү көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүнү, ошондой эле «Ала-Арча» соода борборунун түштүк тарабына чектеш аймагын иретке келтирүүнү сунуштады.

Мындан тышкары, мэр Ч.Айтматов проспектисинин боюнда жайгашкан имараттардын жанаша жайгашкан аймагын жана короолорун тосуу, жашылдандыруу жана иретке келтирүү зарылдыгын белгиледи.

Эмилбек Абдыкадыров «Рояль Констракшн» курулуш компаниясынын жана «Кыргыз Каганат» ЖЧКсынын объектилеринин фасаддарын жана кире бериш топторун бүтүрүү иштерин бир айдын ичинде бүтүрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, «Дом Москвы» маданий-ишкер борбору июль айынын аягына чейин эски тосмону бузуп, жаңы тосмо курууну милдеттенген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн