Аяк оона 28, 2024
Убакыт: 15:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Абдикарим Алимбаев эл агартуунун отличниги 87 жаштагы Расулова Люциядан кабар алды

24.05.2022 18:29
717
Абдикарим Алимбаев эл агартуунун отличниги 87 жаштагы Расулова Люциядан кабар алды

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган бийлик өкүлдөрү ардактуу эс алуудагы мугалим, 87 жаштагы Расулова Люция Ахуновнадан кабар алышты. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдайт.


Облус башчысы, Баткен областынын билим берүү тармагынын өсүп-өнүгүшүнө, ар тараптан чыңдалышына, билимдүү жаштардын өсүүсүнө зор эмгек кылган мугалимди 87 жаш курагы менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубат турмуш каалады.


Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө, Люция Ахуновнанын жоопкерчиликти жогору коюп ак эмгек кылгандыгын, окуучуларды билим дүйнөсүнө тартып, мектеп босогосунан мыкты инсандардын чыгуусуна зор салым кошуу менен эл оозунда кадыр баркы артып келе жаткандыгын баса белгилеп айтып өттү.


Расулова Люция Ахуновна 1935-жылы Башкирия шаарынын Альшевский районунда жарык дүйнөгө келген. 1939-жылы атасы фин согушта баатырларча курман болгон. Люция Ахуновна апасы экөө 1940-жылы посадка менен Кыргызстандын Баткен районуна келишкен. 1941-жылы согуш башталганда Люция Ахуновнанын апасы жылуу жумшак кийимдерди (фуфайка) тигип согуш болгон шаарга жөнөтүп турган. 1942-жылы Люция Ахуновна В.И.Ленин атындагы орто мектебине 1-класска кабыл алынган. 1959-жылы ушул эле мектепке жумушка орношкон. Ошол эле жылы турмуш жолуна аттанган. Л.Ахуновнанын алган сыйлыктары:

- Эл агартуунун отличниги

- “Баатыр эне” сыйлыктарын алган. 1988-жылы ардактуу эс алууга чыккан. 5 баланын энеси. 12 небере, 12 чебереси бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн