Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Абдил Сегизбаев шайлоочуларга 2 миңден таратып жатабы?

06.01.2021 09:07
486
Абдил Сегизбаев шайлоочуларга 2 миңден таратып жатабы?

БШКнын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна социалдык тармактарда "Манас" эл аралык аэропортунун экс-президенти Эрик Шайданов УКМКнын экс-башчысы президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевге добуш бергендерге акча убада кылып жатат деген билдирүү келип түшкөн.


 Эрик Шайданов Абдил Сегизбаев менен жолугушууда электораттын катышуусун камсыз кылууга убада бергендиги көрүнүп турат. Бул үчүн ал Жумгал районунун жергиликтүү тургундарына 2000 сом сунуштап сатып алууга аракет кылып жатканы айтылат.


Координациялык топтун мүчөлөрү материалдарды Ички иштер министрлигине жөнөтүштү. Жумгал районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери текшерүү иштерин баштады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн