Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 23:56
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Абдиламит Матисаков: “Титаник”

14.09.2023 13:00
2138
Абдиламит Матисаков: “Титаник”


(Аңгеме)


Алыс-жуукка аз чыккангабы, Анталияң түшкүр, Жунус абага жердин түбүндөй көрүндү. Самолёт ичин өз үйүндөй көрүп, ортолук менен өйдө-ылдый баскандарга теңелбей, кыстоосу келгенде гана козголбосо, учак келип конор-конгончо бир ордунан жылбады. Аягы жерге тийип-тийелекте утурлай чыккан сакал-мойлоочон эки жигит алардын жүк-пүгүн көтөрүшүп, ак бусик менен чай кайнамга жеткизбей “Титаник” мейманканасына алып келишти. Ал жерден Ак деңиздин жака-бели алаканга салгандай бир ажайып көрүнөт экен. 

Жээк бойлой бийик өскөн пальмаларды мурда-кийин көрбөгөнгө Жунус абанын көзүнө бир калаты учурады. Чыдабай кетип, “мунуң миң тамырлуу болгон менен көлөкө бербесе кайкалап өскөнү бир пул. Э-ээ, биздин чынарларга жетеби...” деп салкын желпип, саар-кеч шуулдап турчу катар теректерин эстей кетти. 


Орун жетинчи кабаттан тийди. Жунус аба “көнбөгөн адамга өтө эле бийик экен” деп ойдолоктоп ийди эле “оо, атасы, “Титаниктин” жетинчи кабатында жашаганбыз” деп кийин бала-чакага кобураганыбызга жакшы да” деп буту жерге тийгенден быякка үндөбөй жанында бөжөңдөгөн Айымпаша апага тил бүтүп, беркилерге билгизбей чалына шыбырады. Жанагы аэропорттон бери узатып келген кара мойлоочондор түрк улутунан болгону менен орус тилинде түш жоруган немелер экен. Өзүн Нооруз деп тааныштырган жигит узак жолдон жүдөп турган Жунус абага мындан ары эмне кылышты, билбегени болсо кимге кайрылышты шаша-буша түшүндүрдү да, “дагы тосуп алчу меймандарыбыз бар эле” деп ашпештегиче көздөн кайым болушту. Бөлмө ичи салкын, кенен, терезелери чоң-чоң. Экөө эки жерде соксоюп, о кыйлага үндөбөй отурушту. Бир маалда Жунус аба отурган керебет кычырады.


– Айымпаша, быякка чыгарда арча салып аттың эле, апчыкчы, бир ысырыктап жүгөр, бизге чейин канчалар түнөштү бу жерге... Буюрса, биздин дагы бир жумалык ырыскыбыз шу жерде, - дегенде Айымпаша апа зорго эле турганбы, “ысырыктабаганда...” деп кире бериште жаткан баштыктын боорунан талаа-түз, жер-суулардын үстүнөн кайкып учуп кошо келген арча бутагын алып чыгып, күкүрт чакты эле чатырап бир жакшына күйдү. Жунус аба жанданып, түтөгөн арча бутагына эңкейе дем тартып, көзүн жумду. Алыс калган Ала-Тоосу элестеп, эли-жеринин амандыгын тилеп, алакан жайды. Арча жыты терезенин ары жагында мунаракта мейкини билинбей чалкыган Ак деңизди кошо каптап кеткенсиди. 


Буюрган экен, пайгамбар жашында тагдыр аны Ак деңизге жетеледи. Эзелки өзүнө өзү жолуккандай Жунус аба толгоо тартты. Өткөн доорлордо деңиз жээгин бойлогон ата-бабаларынын дүбүртүн эшиткендей обдула ой-кыялы кылымдар кыйырына сызды... Саар-кеч ак булуттарга басылып, канчалаган көздөрдү, жүздөрдү көргөн Жер ортолук деңиз Ак деңиз аталып кеткени Жунус абанын көңүлүнө кайыл келди. 

Аңгыча эле “ии-ий, чачыктары мынча көп! Бирин чечип, бирин кийчү тапичкесин тизип, халатынан өйдө илип коюшуптур” деп Айымпаша апа көзүнө көрүнгөндүн баарын божурап, жуунчу бөлмөдөн чыкты. 


***

О күнү Жунус абанын көкүрөгүн куса басып туруп алды. Кечкурун эч нерсеге көңүлү чаппай байбичеси менен да чечилип сүйлөшпөй, атургай “кечки нанүштөгө түшүп чыгалы” дегенине ынабай төр жактагы керебетине өтүп, чүмкөнүп жатып алды. Эртеси үрүл-бараңда жалаңкат көйнөгү менен балкондо жүрдү. Көргөн-бакканы баягы Ак деңиз.


- Таң атпай турупсуңар го, атасы, - деп балкон жакка башбаккан байбичесине Жунус абанын доошу үшкүрүк аралаш чыккандай болду.


- Жол чагып салыптыр. Бүт баданим өзүмдүкү эмес...


- Шу жашка чыгып, анча-мынчаны тоотчу эмес элеңер. Эми жол азабы, көр азабы да, анан карылык бир жагынан... 


Жунус аба байбичесинин аяп жатканын сезди. Үндөгөн жок. Түндүгүнөн түндү сүрүп чыккан күн жаныбар чакчаят. Ак деңиздин туйлаган шапатасы шу жерге чейин угулуп турду.


- Жылуу кийин, жээктеп келели, Айымпаша. Келген күнү эле барганда болмок. 


Ак деңиздин боюн көздөй бирин-серин чубаган элдин сабында экөө көнгөн адатынча, тойдон келатышкандай биринин изине бири салып, өткөн-кеткендин кылчак-кылчак караганын көрмөксөнгө салып ээрчишип келатышты. Жайы-кышы тулкусун бирде өткүн менен ак жаанга, бирде туздуу шамалга сылаткан Ак деңиз түнү бою күрпүлдөп, туйлап чыккан толкундарына ээ боло албай азыр гана жайлап, күнү бастап, дем алгандай ныксырайт. Миң кубулган көбүктүү жээкте Жунус аба эңкейе деңиз суусун кочуштап, чекесинен сакалын көздөй чайып жиберди да “көргөзгөнүңө, миң калла шүгүр” деп жаратканга тооп кылып, кумга жарым-жартылай батып кеткен желим орундукка көчүк басты. Айымпаша апаны да катарымдан жай ал дегенчелик кол жаңсады.


- Бу келгенден быякка ой басат, көңүлүңөр да бир жерде эмес, бир калатысың да, атасы? - Жанына келип отурган байбичесинин камтамалуу суроосун Жунус аба укмаксанга салды. Бут алдында мапмайда кум. Үрпөңдөгөн толкундар биринин үстүнө бири көмөлөнөт. Экөөнүн аркасында сегиз кабат “Титаник” мына, мына деңиз жиреп жөнөп берчүдөй айбаттуу. Жунус аба козголду.


- Кечээ быякка учаарда аэропорттон жолуккан, энесин Меккеге алып бараткан Мунардын досунун айтканын сен дагы эшиттиң да?.. Оюнда эч нерсе жок отурган апа кеп төркүнүн түшүнө албай чалына эмне дээрин билбей, о кыйладан кийин:


- Ончо кыжаалат кылгыдай о бала биздин балага эмне деди? Укканым жок. Айымпаша апа чалын жаңы көргөндөй карады. Аркасынан дагы “карып баратканың ошо, атасы... Эки күндөн бери эсиңди эки кылган ал эмне болгон сөз экен?..” деп койду. 

Жунус аба айтарын айтып, мындан аркысын өзүнчө боолгологондой деңиздин көз өлчөбөс кең мейкинине телмирип тура берди. Бир маалда токтоно албай мээр тамган сөзү менен коё берди:


- Олдо, пенде жаным, ай! О сөз жөндөн-жөн айтылган жок! Ага балаң экөөңдүн акылыңар жеткиче дагы көп бар...


Кексе чал өзүнүкүн бергидей эмес. Жөндөн-жөн эле айыпка жыгылып атса Айымпаша апа да жөн калабы...


- Ии, эмне болуптур! Балдар бири-бирин тааныйт экен. Учурашты, аны-муну сурашты. Ошондон да илинчек издейби, пусурман десе!..


Ар кимиси өз оюнда калды. Жунус аба кемпиринин сөзүнө саал таарынды. Бирок, таарынганын билгизген жок. Башка кеп козгошподу. Эс алуучулар кумурска сыңары убай-чубап, кирип-чыгып жаткан “Титаник” мейманканасына чейин жымжырттыкты жамынып үндөбөй келишти...

***

Анталияга учарда Жунус абаларды узатып келген балдардын кенжеси Мунар “Манас” аэропортунан өзү теңдүү жигитке оро-пара учурашып калган. О жигит төрт дөңгөлөктүү жапжаңы (дүкөндөн жаңы эле алынган окшойт) арабада отурган кемпирди түртүп алган. Ал-жай сурашкан соң тиги жигит Мунардын ата-энеси турган жакка карап:


- Каякка жол алдыңар? - деп сурады окшойт. Оюнда эч нерсе жок Мунар:


- Ата-энемди Анталияга, эс алууга узатып жатам, - деди. Берки мыйыгынан күлдү да:


- Ата-энеңди аш менен гөшкө жөнөтүп аткан турбайсыңбы?.. А мен карыган энеми ажылык парзынан кутулуп алсын деп, Меккеге өзүм алып баратам. Бу ааламда түбөлүккө түркүк болчу адам бовойт турбайбы. Ана-мына дегиче атам өтүп кетти, ажылыкка жибергенге үлгүрбөдүм. Көрсө, өмүр билинбейт экен. Кыйла жыл болду, энем өзү баса албайт. Атамдын алдына барарына аз калды. “Сизди Меккеге жонума көтөрүп болсо да алып барам” дегем. Мына, насип буюруп, алып баратам, дос...


Мунар аны башын ийкегилеп угуп жатып, арабада отурган энесине муңайым карап койду.


- Анталиядай жаннат жерге жибергениң жакшы, лекин, ата-эненин алы-күчү барында Меккеге бир жеткизип келгендин сооп-сопкуту жүз эсеге барабар да... 


Жигиттин шүдүгөрдөй таза сөзү бер жакта турган Жунус абанын кулагына шак дей түшүп, “жаш болгону менен сыйпалатпай, кыямат чогун салып, түз айтканын карачы” деп ага суктанды.

Мунар о жигиттин күйүп-жанып айтканын көп этибарга албагандай тек гана жылмайып койгон. Алар сөз менен болуп атканда Жунус абанын арабадагы кемпир менен көздөрү чагылыша жамалы ысык кемпирдин жүзүнөн тагдырына шүгүрчүлүк, баласына болгон сыймык төгүлүп турганын сезди. 


Ого чейин Анталияга кетчү жүргүнчүлөрдүн учакка түшүү жарыясы жаңырды. Мунар таанышы менен кайыр-мазир кол алышты да, ата-энесине бурулду. Жунус аба ордунан өйдө боло берерде ичинде бир нерсе түйүлгөнсүп кетти. Арабадагы кемпир аны ыраңдуу жылмаюусу менен карап туруптур. Басып барып, “ажылыкка баратыпсыз, аяш, парздан кутулуп, келип калыңыз” деп оозун таптап баратып, кайра өзүн токтотту. Кемпир анын оюн окугандай митчедей башын эңкейтип алды да, ошол бойдон көтөрбөдү. “Бу дүйнөнүн оюн-күлкүсүн бүтүн көрдүм, дагы эмнеси калды... Келерки жылы балдарды топтоп, “бизди, апаң экөөбүздү Меккеге жөнөткүлө” деп айтпасамбы...” Жунус абанын жүрөгүндө үмүттүн үлбүл шамы жанды...


Каттамга түшүү үчүн сүрүлгөн элдин арасында баратып, Жунус аба да бир жолу артына кылчайса, араба түрткөн жигит энеси экөө көпчүлүктүн далдаасында калыптыр.

***

Жунус аба байбичеси экөө “Титаниктин” жашоосуна аз-маздан жүрүп көнүп кетишти. Тамакты зарыктырбай элден мурун, өз маалында келишет. Чети оюлбай жайнаган тамак-аштын жакканынан бир кашык, эки кашыктан табагына салып, терезе туштагы өздөрү тандаган жерге келип отурушат. Жунус аба тапкан (о жерден дагы Ак деңиз көрүнүп турат) жерден эч каякка жылгысы келишпейт. Экөөнө эс алуучулар да көнүп бүттү. Жаңы келген бирөө-жарым эле билбей келип отуруп албаса, калгандары билип калды. Отурушпайт, орун издеп бөлөк залга өтүп кетишет. 


Бир сапар үстөл үстүн жыйнап жүргөн кара тору, маңдайында жөргөмүштөй калы бар кызга Бишкектин “Улуу Тоо” чайканасында отургансып Жунус аба:


- Оо, кызым, каерлик болосуң?! - деп калды. Укса жооп берер, укпаса дагы өзү билет дедиби, нандын ушагын теримиш болуп, баш көтөрбөдү. Үстөл үстүнөн бошогон идиш-аяктарды поднуска батыра албай жаткан кыз бери бурулуп, бажырая жылмайды.


- Сиз менден сурап атасызбы? - деди. Далысына төгүлгөн кундуздай кара чачы эңкейген сайын оң мүрүсүнөн сол мүрүсүнө көчүп турат экен. Кээде Жунус аба туруп-туруп эле таанып-тааныбаган эле бирөөдөн оюна келгенин сурап ийме адатына “эмне кылат экен кыпчылып, шүк эле отурбайбы” деп наалый калчу Айымпаша апа да үндөбөй кыздын жатыркабай шар сүйлөгөнүнө жибип кетти.


- Ии, сенден сурап атпайбы, - деп кайра чалынын сөзүн жиреди.


- Атым Зуура, Өзгөндөн болом, - деди. Күлгөндө күрүчтөй тегиз тиштери өзүнө жарашып, ажарын дагы ашырып турат экен.


- Сиздер дагы Оштон болосуңарбы?


- Ону кайдан билдиң? - Кыздын кепке дароо тартыла түшкөнүнө сүйүнгөн Айымпаша апа.


- Сиздерди мурда күнү көргөм. Кире бериште илинген жарыяны кайра-кайра келип, карап атканыңарда эле “а өзүмдүн туугандарым келишкен экен” деп болжоп койгом, оюм туура эле экен.


Зуура өзүнүн баамчылдыгына курсант болгондой, эси-дартынын баары быякка бурулду.


- Аа, өзүбүздүн зирек кыздардан болот турбайсыңбы, - деди Жунус аба сыпайы гана.


- Апам, сиңдим экөө ошо Бишкекте турушат. Алар менен кечээ эле сүйлөштүм телефондон.


- А биз түбү Ноокаттыкпыз. Бишкекте турабыз. Зуура сурай электе эле Айымпаша апа озунуп кетти.


- Бишкекте турганыңарга көп болдубу? - деди Зуура.


- Сендей маалыбызда эжең экөөбүз табышып, баш кошуп шо бойдон Бишкектик болуп калганбыз. Ноокатка тез-тез каттайбыз. Машина менен жөнөсөк, силердин Өзгөндү аралап өтөбүз. Мунараңар шо бойдон, баягысындай эле...

Жаңы эле сурашып, сөздүн кызуусуна эми киргенде кайдан-жайдан пайда болду, аңдабай да калышты, калың мойлоочон, текебер түрк Зуурага жакын келип, өз тилинде зекигендей болду эле, кыздын кызгалдактай жүзүнөн күлкүсү качып, Жунус аба менен байбичесин жал-жал карап, коштошконго бурсаты келбей басып кетти. Кыраакы карылар элейип эле карап калышты.


- Зууранын чоңу окшойт чагымда, чакчаңдап, копол тийди! Көңүлүнө азар берип жүрбөгөй эле, - деп Айымпаша апа чыйпылыктап жиберди.


- Ээ-э, бөлөк-бөтөн жер жердигин кылат да, минтип бирөөнүн көзүн караткылык кылбасын! Бечара күлгөнү менен ичиндеги муң-зары көрүнүп эле турбадыбы... “Үйүңдөн эки карыш чыктың мусапырсың” деген сөз ушундан калган да. Мындай жерде жан багыш, о азилакам иш эмес, Паша! - деди Жунус аба. Аркасынан чыдабай, “адам деген сүйлөшөт да бири-бири менен” деп үшкүрүп койду. Экөө эсейишип, о кыйлага чейин Зууранын убаймасын тартып отурушту... 

(Уландысы кийинки санда) 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн