Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 02:59
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Абдиламит Матисаков: "Титаник"

19.09.2023 18:32
2101
Абдиламит Матисаков: "Титаник"


(Аңгеменин уландысы)


Кийинки күнү Зуура көзгө чалдыкпады. “Каякта жүрөт?” деп экөөнүн тең эси-дарты кызда болду. Анын ордуна чыккан бою кыска, ак саргыл кыздан “сурайлы” дейт, анысы кыргызча билбесе осол болобузбу (?) деп ооз ачышпады. Ошол бойдон өзгөндүк кыз көздөн кайым болуп, үч-төрт күндөн кийин үмүттөрү да бүржөлү сууду. 


Кубалашкан күндөрдүн биринде экөө ээрчишип, адатынча кечки нанүштөгө чейин бир чыныдан сүттөп чай ичмекке кичи залга башбагышкан. Мына, сага! Зуура кыз маңдайдан чыкпадыбы. Баягысындай жаркылдап келип учурашты. Бөлөкчө кийинип, чачын желкесине түйүп алганга көзгө жылдыздуу. Экөө эки жактан чыгышты.


- Ой, каякта жүрөсүң, Зуура?


- Деги, тынчсыңбы, кабар-отуң билинбей кетти?..


- Ии-ий, мени бөлөк корпуска которуп ийишти. Маал-маал ушинтип турушат, өзүм да күтпөдүм эле... – деп ичинде кыраамы жок бечера безилдеп ийди.


- Оюбуз ар кайсыга кетти. Сени кызыбыздай көрүп, камтама болдук... 


Зуура сүйүнгөнүнөн жан-алы калбай сураган Айымпаша апаны бекем кучактап алды. Бош жер караштырып жайланышкандан кийин үчөөнүн күлкүлөрү чыгып, ысык чайга бал салып, түрктөрдүн майда токоч, таттууларынан жеп отурушту.


- Дагы бирар күн турсаңар керек. Мен жооп сурап, сиздерди рассакам шаар кыдыртам. Зуура экөөнө алмак-салмак карады.


- Жок, кызым, кетээр маалыбыз зыктап калды. Сазданышыбыз керек. Балдарга атап, аны-муну албасак да болбойт, жол карашат, - деди Айымпаша апа.


- Ушинтип эле кетип каласыңарбы?!. Кусалык карегинен куюлчудай Зууранын көздөрү жашылдана түштү. Анан “бу жер сизге жактыбы, ата? - Зуура Жунус абага бурулуп бошогон пиаласына чай куюп жатып сурады.


- Жакпаганда, жакшы учурду болжоп, неберелер менен келчү ажайып жер экен, - деди Жунус аба жумшак гана. Анан быякка келген күнүн эстеп, ичи “тыз” деп алды. Өмүрдүн бир үзүмүн таштап бараткан жерге насип буюрган күнү дагы келерин ойлоп, ушунусуна да канаат кылып, “оо-уу, кимдер келип, кимдер кетпеген жер” деп койду.


- Аркага кайтыш качан эми? Өзгөнгө барар оюң барбы? - Айымпаша апа эми Зуурага күтпөгөн суроону кабыргасынан койду. Ал колундагы токочун табак четине коюп, бир саамга унчукпай калды.


- Чынын айтсам, аны ойлогонго чамам жок. Өзүңөр көрдүңөр, азыр тытынган эле заман... Дагы эки-үч жылдай турат окшойм. Бассам-турсам апам оюман чыкпайт. Эки бөйрөгү ооруйт. Тапкан-ташыганыбыз ошого кетет. Кредитибиз бар эле, онун да түбүнө чыгып койдук. Тигүү цехинде иштеген жалгыз сиңдимдин тапканы экөөнөн ашпайт, тапканымы топтоп мен да ай аттатып салып турам, - деди. 


Жана эле булуттан чыккан айдай ажары ачылган кыздын көкүрөгүнө тунган кайгы-муңу козголуп, көңүлү канап турду. Жунус аба ордунда тыбырчылап, Зуураны кантип жубатарын билбей турса, Айымпаша апа отко май куйгандай көкүрөгүнө шыкалган насаатын чекесинен чубады:


- Эми ай деген ажо, кой деген кожоңор жок, алыс жерде жүрөсүңөр, өзүңөр билгиле. Силерди бүгүн түшүнүп болбойт. Үйүңөрдөн жылан чыккандай эле туш-тушка качып калдыңар. Эли-жерим бар эле, баарыбыз чилдей тарай берсек, эртеңкибиз не болот, ону ойлогон жан барбы? Айдын жарыгында жүргөнчө, күндүн көлөкөсүндө жүр деген сөздү уккан белең?..


Жунус аба байбичесине кусалуу келгинге көп наалый бербе, мээримге толгон сөзүң каякта дегенчелик тамагын түзөп, кыйгач караса да, ичи сыйрылып турган неме айтчусун айтып калайын дедиби:


- Сен дагы эрге тийишиң керек, перзенттүү болуп, мен дагы көбөйсөм экен деген максат-мудаа болуш керек да акыры. Жанымы берем деп муштумдай болуп күткөн энеңе сендей ким күйөт?


- Оо, апа, ону ойлобойт дейсизби? Ишенсеңиз, бул жакта өткөн күнүмдүн тең жарымы ошол ой менен өтөт. Эми мага кулак салың, энемдин алдына барсам дегенде эки көзүм төрт. Шо Бишкекте эле жүргүм келет. Карасам Бишкекке баткыдай эмесмин. Иш издеп баспаган жерим калбады. Имне кылам деп мукурап жүргөндө Кудайдан үмүтү бар бирөө “жүр” деди, “бар, тавакал” деп кете бердим, насип экен минтип иштеп жүрөм. Азыр бизге окшогондор   Түркияда да, Европаны айтпай эле коёюн о Американы самап, анын эшик-тешигин издегендер канча? Бүгүн жаштарыңыз пул чыккан жак жердин түбү болсо, ошо жердин түбүнө да кете бергидей... - Өзгөндүк кыздын көкүрөгүн тиреп турган кыжаалат булактай агып чыкты. Жунус аба жер тиктеп, баш көтөрбөй отурду. Зууранын айтканы жүрөгүн тилип, туз куюп атты. Ага караганда Айымпаша апа дадил окшойт.


- Ошон үчүн паам-парасаттуу болуп, окуш керек эле да. Ошту-төштү оноп жүрүп, мүйүз чыктыбы? Оокат-аш таап жегениңерге, өзүң айткандай, пул табышыңарга жеңил эле да...


- Ии-ий, оку дейсиз да, апа. Окушту бүттү деген дипломдор саргайып сандык түбүндө жатпайбы! О дипломуңуз азыр пул менен диплом болуп калган. Ишке алам деген биринчи дипломуңду эмес, “канча бересиң?” деп колуңду карайт. Ошондой алкымы акуладай адамдарды өз көзүм менен көрбөдүмбү!


Кечээ эле шайыр-шатман, баёо дүйнөлүү ишенчээк кыз бүгүн минтип башына түшкөн арманы өзөгүн өрттөп, озоңдоп жиберчү акыбалда. “Ээ, көңүлүң тынч болбосо, бу дүйнөңдүн кенендиги не пайда?” деп Жунус аба да Зуурага кошулуп, көңүлү чөгүп отурду. Бир маалда Зуура саатына карап, чочуп кетти:


- Ой, нөөмөткө чыкчу маалым жакын калыптыр, кетейин, - деп туруп баратып, жанында турган кол сумкасынан конверт алып чыкты.


- Апама кичине пул чогулткан элем, ала барыңыздар. Бишкекке жеткенде конверттин сыртындагы телефонго чалсаңар сиңдим келип алып кетет, - деп үстүнөн баскан миң санаасын силкип салып, көздөрү кайра күлүңдөп чыкты. “Биз жакта жүрсө, аңизгече бир ыкыбалдуунун ыймандуу келини болмок, аттиң десе...” Айымпаша апа Зууранын бою-башынан көз айырбай, бир эсе суктанып, бир эсе жүрөгү канап карап турду.


Зуура Айымпаша апага шыбыр үнү менен:


- Конвертти жүк арасына салбаң, кол сумкаңызда болсун. Пул экенин билип калса, “кимдики?” деп жүдөтүшөт, - деди кабатырлана.


- Мунан кыжалат болбо! Онон көрө, өзүң быякта көп жүрбө, Зуура. Карыган энең бар, биз бу күнгө беш күндүк мейманбыз, - Айымпаша апа оорулуудай онтоп койду.


- Боптур, апа, жатсам-турсам эсимде болот, сиздерге ак жол! Зуура биринен сала бирин кучагына кысып, өпкүлөп коштошту. Анан өмүрүнүн ушу кагылып турган эки карыныкынан көп экенин сезип, ичи сыздап да кетти... Экөө болсо баягы биринчи келген күнкүдөй дудук жымжырттыккка термелип, бири-бирин тиктеген бойдон калып калышты. 


Канча тагдырларды боюна батырып, мезгил өктөөсүнө моюн бербей адамзаттын асыл башынан жаралган “Титаник” деңиз жиреп жөнөп берчүдөй комдуу...

***

Самолёт жерге бир силкинип келип конду. “Боюн копол таштады...” Жунус аба тегерегин карап, сүйлөнүп калды. Отургандын көбү кол чаап, калгандары күбүрөнүп, келме келтирип, бир оор жүктөн кутулгандай баштык-буюмдарына кол созуп, түшүү камын көрүп башташты. “Бизде түн кириптир” деди Айымпаша апа. Жунус абанын телефону шыңгырады. Мунар экен. “Ата, көрдүм, келип конгонуңарды”. “Шүгүр, шүгүр, балам. Аман-эсен келдик буюрса”. Атасынын сабыры суз эле. 

Мунар жүктөрдү таап келгенче Жунус аба байбичеси экөө аэропорттун алды менен нары-бери басып жүрүштү. Бишкектин асманы төгүлчүдөй болуп жылдыздарга жык толуптур. Көктөн ылдый көз салган жылдыздарга карап,  “арасында балбылдап, биздин да жылдыздар бар. Ылайым, боосун бекем кылсын” деп угузбастан тилабат кылды Жунус аба. 


Аэропорттун эшигинен убап-чубап чыккандарды о кыйлага карап туруп, баягы арабада Меккеге кеткен кемпирди, анын ыраңдуу жылмаюсун эстеди. Көргүсү келип кетти... Кокус оропара чыкчу болсо, учурашып, “арыбаңыз, аяш, ажылык парзыңыз куллук болсун! Балдардын доорунда жүрө берели, ойноп-күлүп” деп ийилип учурашмак.


- Ата, кана, отургула, жылалы, - деди Мунар жүктөрдү машинага салып болуп. “Лексус” Бишкектин жолуна чыкты.


- Ата, апам экөөңөрдү шу жерден Меккеге өзүм узатам, ого чейин паспортуңарды жаңылайлы. Бүгүн карасам мөөнөтү бүтүп баратыптыр.


- Кудакааласа, улук иш болот экен. Ошо абат күндөрдү насип кылган болсун, балам.

Жунус абанын көңүлү ачылды. Уулуна карап, “айнегиңди саал түшүрүп койчу” деди. Мунар атасы жактын терезесинен бир аз жылчык калтырды. Демейде, “жел тийет, анан жөтөлөт” деп ачтырбаган Айымпаша апа бу жолу көрүп туруп, үндөгөн жок. Тууган жердин абасы жолдон чарчаган Жунус абаны уйкуга тартып кетти. Түшүндө тэ-ээ Түркияда калган Зуура кызын көрдү. Жунус аба аны элейген бойдон карап турат. Өзгөндүк кыз толкун жиреп, каякадыр жол алган “Титаниктин” керемети кол жеткис, эң бийик кабатында өзү теңдүүлөр менен жүрөт. Гүлкайырдай гүлдөгөн, көркү-бою келишкен Зуура кыз адеп ноокаттык абасына колун булгалап, бир нерсе дегенсийт, угулсачы... Жунус аба да алыстап бараткан “Титаник” тарапка үнүнүн болушунча жүрөк зили менен бакырып берди. “Зуура, кызым, ошо жер сага жетпедиби?! Каякты көздөй жөнөдүң?! Адашпа, эсиң менен бол, өз жериңе кайт, күтө берип эки көзү төрт болгон энеңди ойло, энеңдин эмчек сүтүн ойло, кагылайын, кызым!”


Деңиз жиреп, бозоргон мейкиндикти көздөй бет алган “Титаниктин” артынан доошу бүтсө да, жүрөгүнө шыкалган сөздөрүнүн калган-катканын шыбырай, карегинен жылжыган жашын сезбей кыбыла беттеген бойдон алаканын жайып, телмирип тура берди…

***

- Мына, үйгө да келдик! - Мунардын үнүнөн Жунус аба ойгонуп кетти. Караса, өзү күндө кирип-чыгып тирилик-орозгерине аралашып кетчү көк дарбазасынын оозунда туруптур... 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн