Бугу 20, 2024
Убакыт: 15:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Абдырахман Мамбеталиев: “Ишкерлердин арасында салык саясатына болгон нааразылыктар күчөп кетти”

13.11.2023 10:49
799
Абдырахман Мамбеталиев: “Ишкерлердин арасында салык саясатына болгон нааразылыктар күчөп кетти”


- Экономикабыз кагаз жүзүндө эле өнүгүп, чыныгы турмушта салык саясаты эл менен бийликти кагыштырууга багыт алган жокпу?


- Эми статкомдун цифраларына таянсак, бир топ көрсөткүчтөр өсүүдө, салык, бажы төлөмдөрү көбөйүп дегендей… Бирок, ишкерлердин арасында салык саясатына болгон нааразылыктар күчөөдө. Мен ойлойм, бийлик тартип менен салык саясатындагы аша чабууларды кылдаттыкта талдай билип, карапайым калктын нааразычылыгын көбөйтө турган кадамдарга барбашы абзел.   


- Кышка даярдык болгону байкалып жатабы? 


- Быйыл Кудай колдоп, аба ырайы жылуу, күз узак болууда. Кышка даярдыкты толук кандуу бүтүрүп алууга жакшы шарт түзүлүүдө. Бирок, ЖМКдагы маалыматтарга таянсак, борбор шаардагы ыштын (смог) алдын алуу боюнча жарытылуу деле иш жасалбагандай. Бул өкүнүчтүү. Эми “кыш жеңил болсун” деп Кудайдан тилеп туралы.    


- Ишин жөндөй албаган бир эмес, эки кадр кайра даражалуу кызматка келди. Элди иренжиткен кадрлардан башка адам калбай калганбы?


- Албетте, акыркы мезгилдеги кээ бир кадр алмашуулар купулга толо бербейт. Мен ойлойм, мамлекеттик жетекчилик кызмат орундарына кадрларды тандоодо алардын билими, кесипкөйлүгү, иш тажырыйбасы, басып өткөн жолу, тазалыгы, уюштуруучулук жөндөмү, эрктүүлүгү, адилеттүүлүгү, мамлекетчилдиги сыяктуу сапаттары эске алынса гана туура болот. Тилекке каршы, азыркы жетекчилердин арасында тааныш-билиш аркылуу келип калган бир топ жараксыз адамдар жүрүшөт. Ошол эле учурда татыктуу, тажрыйбалуу, мыкты инсандар сыртта калышууда.


- Коррупция менен күрөшүү өз жыйынтыгын берип жатабы же сөз менен эле калып кеттиби? Бааларды ооздуктоого мамлекет киришиши керекпи?


- Албетте, коррупция менен күрөшүү өз жыйынтыктарын берип жатканын баарыбыз көрүп турабыз. Бирок, баалардын тынбай өсүп жатканын, дүйнөлүк экономикадагы терс тенденцияларды эске алып, калктын аярлуу катмарын ар дайым колдоо боюнча мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар жүргүзүлүп туруусу зарыл. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн