Кыргызстандын Уламалар кеңешинин мурдагы төрагасы Абдышүкүр ажы Нарматов бүгүнкү жума намазга эч ким келбегенин айтып, көз жаш кылган видео социалдык сеттерге тарады.
Анда Абдышүкүр ажы Нарматов бүгүнкү жума намазга эч ким келбегенин айтып, мечит бош турганын белгилеген.
Мурдараак Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгы коронавирус кырдаалына байланыштуу жума намазга барууга тыюу салган болчу.
Ажы видео аркылуу ээн калган мечитти көргөзүп, бул илдеттин жайылып жатышына кабатырланганын айтты жана дуба кылып жатып ыйлап жиберди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн