Бугу 20, 2024
Убакыт: 02:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Абдывахап Нурбаев: «Эл аралык соттон утуш үчүн «Кумтөрдөгү» коррупциялык схемаларды, канадалыктардын кызыкчылыгына чечим чыгарган чиновниктерди ачыктап беришибиз керек» (видео)

25.05.2021 11:37
1704
Абдывахап Нурбаев: «Эл аралык соттон утуш үчүн «Кумтөрдөгү» коррупциялык схемаларды, канадалыктардын кызыкчылыгына чечим чыгарган чиновниктерди ачыктап беришибиз керек» (видео)


Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев журналист Сайпидин Султаналиевдин «120» теледолбооруна кеңири маек куруп, анда коомчулуктун көңүл борборундагы «Кумтөр» жана Баткендеги чек ара кырдаалына байланыштуу өзөктүү ойлорун бөлүшкөн экен. 


А. Нурбаевдин айтымында «Кумтөр» маселесинде биз негизги басымды экологияга коюшубуз керек. 

««Кумтөр» маселеси азыркы убакта баары көңүл буруп турган маселе болуп жатат. Анткени элдин каалоосу өзүбүздүн өлкөдөгү кен байлыктардын пайдасын эл өзү көрсө экен деген тилек менен болуп жатат. Бирок, оор болот. Себеби, экономикалык жактан биз буларды соттон утуп алышыбыз кичине кыйыныраак. Анткени биздеги документтер, справкалар менен алып караганда, биздин чиновниктер алардын кызыкчылыгына көбүрөөк иштеп, ошону мыйзамдаштырып койгон. Биз бул жерде негизги нерсени экологияга коюшубуз керек. Азыр дүйнө жүзү боюнча экология маселеси өтө актуалдуу болуп жатат. Биз дүйнө жүзүндөгү экологдорду көбүрөөк алып келип, ошол жердеги мыйзам бузууларды көргөзүп, анан алып чыкканда дагы жакшыраак болмок. Себеби, бизге сөзсүз дүйнө жүзүндөгү коомчулуктун колдоосу керек. Канадалыктар чындыгында биздин экологияга көбүрөөк зыян алып келишти. Биз ушуну орустар айтмакчы, «фишка» кылып алып чыксак, көбүрөөк мүмкүнчүлүк болот», - дейт ал. 


Эл аралык соттон утуп чыгуу үчүн бизде дагы бир «көзүр» бар экени тууралуу мындай дейт: 

«Бизде мындан башка да «көзүрлөр» бар. Ал үчүн биздеги ошол убактагы коррупциялык схемаларды ачыктап беришибиз керек. Биздин ошол убактардагы чиновниктердин «Кумтөр» боюнча канадалыктардын кызыкчылыгына чыгарып берип жаткан нерселерди ачыкка чыгара алышыбыз зарыл. Ал үчүн биринчи өзүбүздүн соттор аныкташы керек. Андан кийин эл аралык сот карайт. Ошолорду канчалык деңгээлде ачык-айкын кыла алабыз, маселе ушунда. Эгерде ачык-айкын кылып, көптөгөн эл аралык уюмдарды катыштырып, аларды чындап эле документтер менен ишендире алсак, ошондо бизде жакшы мүмкүнчүлүк болот. Бул боюнча иштеп жаткан юристтердин канчалык деңгээлде коом менен иштеше алган компотенттүүлүгү себеп болот».


Ал ушул күнгө чейин «Кумтөр» маселесинде Кыргызстандын кызыкчылыгына кыянат чечим чыгаргандарды кылмыш жообуна тарта албасак дагы, аты-жөндөрүн коомчулукка ачык чыгарып, ага чекит коюшубуз керек экенин кошумчалайт. 


«Чет өлкөлүктөрдүн кызыкчылыгына чечим чыгаргандарды ачыкка чыгарыш керек. Себеби, кийинкилерге сабак болушу керек. Ар дайым эле кайсыл бийлик келсе да, өзүнө акча алып, шайлоосуна акча алып, уланта берген нерсеге чекит коюш керек да. Аларды жоопко тарта албасак дагы, эч болбосо коомчулукка ачык чыгарып бериш керек. Кийинки башкаргандар, кийинки бийликке келе тургандар баары бир ачыкка чыгып калат экен деп ойлонушу керек. Моралдык жоопкерчилик дагы болуш керек. Бардыгы ачык-айкын чыкса, тарых алдында булардын да күнөөсү болгон экен деген тыянак болушу керек», - дейт Нурбаев. 


Журналист «Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө Жогорку Кеңеш «Кумтөрдөгү» мөңгүлөрдүн талкаланышына да жол берип койгон да. Буга парламент да жооп бериши керекпи?», - деген суроону узатты. Буга эл өкүлү мындай деп жооп берди:


«Ооба жооп бериши керек. Муну ошол убактагы өкмөт алып кирген да. Анан алар «биз бюджетке кошумча акча алабыз, кошумча иштерди аткарабыз, ушундай болсо бизге дагы көбүрөөк алтын түшөт» деген аргументтерди айткан да. Ошону алып киргендер да, Жогорку Кеңештин да жоопкерчилиги бар. Аны иликтеш керек. Жогорку Кеңеш өзү демилгечи болбойт. Аны өкмөт алып келет. Ошол өкмөт эмне максат менен алып кирген? Азыркы чакырылыштагы парламент үчүнчү президент менен иштеп жатабыз, акыркы убактарда президенттин, өкмөттүн кадамдарына каршы чыга албай келатат». 


«Кумтөрдү» азыр биздин өкмөт убактылуу башкарып жатат. Анан бизде коррупция деген көнүмүш адатка айланып калган да. Ошондон улам «Кумтөр» чиновниктердин таландысында калып калат деген коркунуч жокпу?», - деген дагы суроо узатылды. Ага А. Нурбаев мындай деп жооп берди: 


«Андай коркунуч бар. Анткени мен бир дагы эффективдүү мамлекеттик ишкананы көрө элекмин. Мамлекеттик ишканага көбүнчө кароолчусунан тарта жетекчисине чейин уурдаганы барышат. Дүйнө жүзүндө мамлекет бул жакшы башкаруучу эмес деген түшүнүк бар. Мындай кадамга барсак, анда аутсорсинг деп туруп, күчтүү эл аралык компаниянын башкаруусуна берип туруш керек болчу». 


Мындан сырткары ал Баткендеги окуядан улам, чек ара аймактарында жашаган жарандарга курал берүүнү караган мыйзам долбоору тууралуу да пикирин мындайча айткан: 


«Апрель айынын аягында Баткенде окуя болгондон кийин, май айынын башында бизге Бишкекте жашаган баткендик жаштар келди. Алар Баткенге барып келишип, анан «Элге курал-жарак керек экен, анткени тажиктерде жөнөкөй элге курал-жарак таркатышыптыр, биздикилер жөн эле кор болуп калышты» деп айтышты. Анан мен жардамчыларым менен үч күн иштеп, «Ыктыярдуу мекен коргоочулар» деген мыйзам долбоорун даярдадык. Анан чек ара, аскер кызматтарында мурун иштеген генералдардан эксперт катары ойлорун сурай баштадым. Анан алар «Даяр мыйзамга ушундай өзгөртүү киргизсе оңой болот» деген сунуш беришти. Мурунку бешинчи чакырылышта Жогорку Кеңеш «Чек ара атайын ыйгарым укуктуу» мыйзамын кабыл алган экен. Ал жерде чек арада жашаган адамдарга ошондой ыйгарым укук берип, аларга айлык төлөп берүү, байланыш каражаттарын берүү каралган. Алар чек ара кызматындагыларга маалымат берип турушат. Малчы болсо деле, аңчы болсо деле, «Бул жерде адамдар жүрөт, шектүү адамдар жүрөт» деп маалымат берип туруш керек. Анан биз ошол чек ара ыйгарым укуктуу адамдарга башка тараптан аскердик агрессия болгондо, курал берүүгө уруксат берели деп жатабыз. Анткени алар психологиялык жактан текшерилген, физикалык-моралдык жактан текшерилген. Окуудан өтүп турушат. Мында биз биринчи пунктта курал берүүгө уруксат берип жатабыз, экинчи пунктта аларды чек ара кызматы машыктырып, окутуп турат. Үчүнчүсүндө, эгерде алар кандайдыр бир жаракат алып, же башка бир зыянга учураса, чек ара аскер кызматкери статусуна ээ болот. Аларга мамлекет компенсация төлөп берет. Курал берүү тартибин өкмөт иштеп чыгат деп жатабыз. Негизгиси, курал берүү агрессия болгон учурда берилет. Ага чейин куралдар чек ара заставасында турат. Качан агрессия болгондо, алар барып курал алат. Агрессия бүтөөрү менен кайра курал кайтарылып алынат», - дейт Абдывахап Нурбаев. 


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн