Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 14:27
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Абдывахап Нурбаев: Кандай гана чечим кабыл албайлы эл кызыкчылыгын көздөдүк

22.12.2021 18:25
512
Абдывахап Нурбаев: Кандай гана чечим кабыл албайлы эл кызыкчылыгын көздөдүк


6-чакырылыштагы эл өкүлү болуу миссиямдын аягына чыгуу алдында турабыз. Бул убакыт аралыгында алдыбызга койгон максаттарыбыздын басымдуу бөлүгүн аткарууга жетише алдык. Элибиз үчүн керектүү жана пайдалуу болгон мыйзамдарды жазууга бүт аракетибизди жумшадык. Демилгелеген мыйзамдарыбыз, көтөрүп чыккан маселелерибиз элибизге пайдасын берсе, ошол биз үчүн чоң бакыт, сыймык.


6 жылда өлкөбүз үчүн көптөгөн маанилүү учурлар болду. Кандай чечим кабыл алсак алгач элибиздин, өлкөбүздүн кызыкчылыгын көздөдүк. Жети өлчөп, анан кестик. Демилгелерибиз, долбоорлорубуздун баары элибиздин эртеңи, келечеги үчүн болду деп ишенем. 


Бул жылдары колдоп турган элиме, пикирлештерге, дайыма сунуштарын айтып турган тилектештерге, журналисттерге ж.б. колдогон ар бириңиздерге чын дилимден ыраазычылык билдирем. 


Элибиз үчүн кызматым ушуну менен токтобойт. Баштаган иштерибизди, демилгелеген долбоорлорубузду уланта беребиз. Алдыда билим берүү, экономикалык жана экологиялык тармактарда иштерибизди дагы да жандантып, сиздер менен биргеликте күчтөндүрөбүз.

Абдывахап Нурбаев, Жогорку Кеңештин депутаты



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн