Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 19:28
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Абдывахап Нурбаев: “Курал атайын даярдыгы бар жарандарга гана берилет"

27.05.2021 20:13
2181
Абдывахап Нурбаев: “Курал атайын даярдыгы бар жарандарга гана берилет"


- Чек арадагы айрым жарандарга курал берүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланууда. Эгер сиздердин сунуш өтүп калса, анда мыйзамдарга кандай өзгөрүүлөр кирет?


- Биз “Чек арага ыйгарым укук өкүлдөрү" деген мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштадык. Ал толуктоолорго ылайык, чек ара аймагында жашаган жарандардын арасынан тандалгандарга, башкача айтканда, чек арага ыйгарым укук алгандарга курал берүү жагын карап атабыз. 


- Ал жарандар куралды кайсы учурларда колдоно алышат?


- Эгер башка мамлекет тарабынан аскердик агрессия же куралдуу жаңжал чыкса, мамлекеттик органдар тарабынан чек ара ыйгарым укуктууларга ок атуучу аскердик курал аныкталган тартипте берилиши керек деп жатабыз. 


- Аларды окутуу, тандоо тартиптери да каралганбы? Дегеним, коомчулукта бул тууралуу эки ача пикирлер пайда болууда...


- Алар жылына 2-3 жолу окутулуп турат. Ал эми аларга мамлекет аскерлерге каралгандай кепилдикти берүүсү каралган. Курал физикалык, психологиялык жактан текшерүүдөн өткөндөргө жана аскер адамдары менен кызматташып жүргөндөргө гана берилет. Бул чек арада жашаган элдин баарына курал таратылат дегенди түшүндүрбөйт. Буга чейин да чек аралаш айылдарда мурда аскерде кызмат өтөгөн же маалыматы бар адамдар биздин тийешелүү органдар менен кызматташып келген. Бул мыйзамдын негизинде алардын укуктары кеңейтилет.  


- Демек, тынч учурларда курал жарандарда эмес, мамлекетте сакталат экен да?


- Ооба, тынч убактарда куралдар чек ара заставасында кармалып турат. Качан гана агрессиялык абал жаралса, ошондо чек араны коргоого жардам берүү үчүн берилет. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн