Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 16:19
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Абдрахманов жана Киев көчөсүнүн кесилишинде жаңы гүл бакча пайда болот

23.03.2023 13:10
246
Абдрахманов жана Киев көчөсүнүн кесилишинде жаңы гүл бакча пайда болот

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардык кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы салына турган эс алуу аймагын көрктөндүрүү үчүн жеринде көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


"Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик мекемеси Бишкек шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча коомдук мейкиндиктин эскиздик долбоорун иштеп чыкты. Жакында шаардыктар үчүн жайлуу, жашыл аянт пайда болот.


Ыңгайлуу болуш үчүн, коомдук даараткана,гүл сатуучу павильондор, биргелешкен дизайндагы гезит күркөлөрү, отургучтар жана бак-дарактар орнотулат. Коомдук транспорттун токтоочу жеринде түшүрүү пунктун жасоо пландалууда.


Учурда эски тосмолор демонтаждалууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн