Бүткүл союзга жакшы таанымал “Белое солнце пустыни” кинотасмасында басмачылардын кол башчысы Абдулланын көп аялдарынын бири Жамийланын образын жараткан Россиянын эмгек сиңирген артисти Галина Дашевская 18-июнда кырсыктан каза тапты.
79 жаштагы актрисаны Подмосковьенин “Жаворонки” темир жол станциясынын аймагында поезд уруп кетти. Галина Дашевская өмүр бою “Моссовет” театрында эмгектенип келген жана бир катар кинотасмалардагы көрүнүктүү ролдору менен таанымал болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн