Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 19:37
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Абдурахман Исраил уулу: “Электромобиль же лифт бузулса, оңдой турган адис жок”

01.03.2024 10:05
1921
Абдурахман Исраил уулу: “Электромобиль же лифт бузулса, оңдой турган адис жок”


- Абдурахман мырза, сиз билим берүү жана илим министрлигине “Билим кербенин” уюштуруу, ал аркылуу карапайым үй-бүлөнүн балдарын кытай тил курстарына бекер окутуу демилгеси менен кайрылдыңыз. Кайрылууңуз министрлик тарабынан колдоо таптыбы?


- Ооба, алар дароо колдоду. Мектептерге баруу боюнча буйругун да чыгарып беришти. Андан сырткары, жакында эле билим берүү министри өзүнүн орун басарлары менен Кытайга барып келишкенин санариптештирүү боюнча орун басары айтты. Министрликти Кыргызстандан жылына канча студент Кытай окуу жайларына кетип жатканы кызыктырууда. Муну Кыргыстандагы Кытай элчилигинен канча студенттик виза даярдалганынан билип турса болот. Жаштарды Кытайга окутуу, ал жактан кытай жаштарын биздеги окууларга тартуу боюнча ойлорумду ортого салдым. Кытайдан мугалимдер үчүн компьютерлерди алуу, студенттерди Кытай окуу жайларына жөнөтүү сыяктуу билим жаатында көптөгөн маселелер менен кызматташмай болдук. Биз уюштуруп жаткан “Билим кербени” менен алгач Бишкектин жаңы конуштарындагы мектептерге барып, колунда жок карапайым ата-энелердин балдарын тандап алып, өзүбүздүн “Билим экспорт” кытай тили мектебинде 6 айлык курста бекер окутканы жатабыз. Ага 5 мектептен бештен кылып 25 окуучуну тандап алабыз. Жакшы окугандарын, кытай тилин өздөштүрүп калгандарын Кытай университеттерине толук гранттык окууга жөнөтөбүз. Кытайдагы окуусу, жатаканасы бекер болуп, кошумча стипендия да төлөнүп берилет. 


- Кыргызстандагы кесиптик лицейлер мышык ыйлай турган абалда. Көбү эски ыкма менен окутуп, жаштарды өзүнө тарта албай турат. Болбосо мыкты кесиптерди үйрөнгөн жаштар аба менен суудай керек. Мисалы, Кытайдан электромобилдер көп келе баштады. Эгер ал көчөдөн токтоп, бир жери бузулуп калса, карай турган адис жок. Ушу жагын кантсек? 


- 2019-жылы Бишкекте “Билим форумун” уюштурдум. Ошондогу негизги максатым – Кытайда абдан өнүккөн кесиптик колледждери менен биздин кесиптик лицейлердин тажрыйбасын алмаштыруу, өтө таңкыс кесиптерди окутуп чыгаруу болгон. Бизде лицейлерде окуп жаткан балдарды иштеп жаткан ишканалар менен иштешүүгө түзмө-түз милдеттендирип, практика өткөрүп окутса сонун болот. Мисалы, бизде тоо-кен тармагында иштеген компаниялар өтө көп. Бирок, алардын адистери жетишпейт. Тоо жардыруучу бир гана адамыбыз бар экен, ал дагы улгайып калыптыр. Лифт чыгаруучу завод ишке киришти, ага иштей турган да адистер жок. Жолдор тынбай курулууда, жол адистери жетишпейт. Электромобилдер, газ менен иштөөчү унаалар келип жатат, аларды оңдой турган автослесарлар жокко эсе. Ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн тез арада Кытайдын бай тажрыйбасын үйрөнүп, алар менен келишимдерди, меморандумдарды түзүп, биздин кесиптик лицейлерге бүгүнкү күндүн талабына жооп бере турган адистиктерди ачып, окута башташыбыз керек. Президентибиз айткандай, 30 жылда тиш чукугуч да чыгарбай келдик. Эми өндүрүштү колго алып, чыгарган продукцияларды биз дагы экспорттообуз керек да. Азыр өндүрүштө технологияны колдоно билген кесипкөй кадрлар аба менен суудай керек. Андыктан, быйыл басымды кесиптик билим берүүгө коёбуз. Себеби, жаңы ГЭСтерди, ЖЭБдерди оңдоо, жаңыларын куруу үчүн кесипкөй адистер талап кылынат. Мамлекетке жардам берүү үчүн биз кесиптик лицейлерден керектүү адистерди чыгарууга көмөк көрсөтүүбүз зарыл. Анүчүн Кытайдын окутуу тажрыйбасын үйрөнүүбүз керек.


- “Билим форумун” экинчи жолу уюштурууну колго алганы турасыз. Буга Кытайдын кесиптик лицейлеринен да келишеби?


- Пандемияда токтоп калган ушул демилгени кайра жандандырып, быйыл апрель айында экинчи “Билим форумун” уюштурууну колго алганы жатам. Ага Кытай университеттери менен кесиптик лицейлеринен, КМШ өлкөлөрүнөн, Орто Азия окуу жайларынан өкүлдөрдү чакыруу пландалууда. Бул маселени да билим берүү жана илим министрлигине айттык. Буюрса алар да жардамдашып, форумдун жакшы өтүшүнө көмөктөшмөй болушту. Биз бул форум аркылуу жаштарыбызды башка өлкөлөргө окууга жөнөтүп, чет өлкөлүк жаштарды өзүбүздөгү окууларга тартсак болот. Мугалимдердин тажрыйба алмашуусун уюштуруп, аларды да окутсак болот. Көп ийгиликтүү иштердин башаты билимден башталат. Кытай акылманы айткандай, “балдарга даяр балык бербей, кайырмак карматып, балык тутканды үйрөтүү керек”.


Сурат Жылкычиев 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн