Кыргызстандык спортчу Абдурахман Муртазалиев Лондондогу жиу-житсу боюнча турнирде күмүш медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Муртазалиев 85 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап катышты. Ал Россия, Бразилия, Уругвайдан келген спортчуларды жеңип, финалга чыкты. Финалда бразилиялык Жансен Рамосго утулуп, экинчи орунга илинди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн