Бугу 15, 2024
Убакыт: 13:53
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Абхазиянын номери менен жүргөн унаалардын ээлери Бишкекте жана Ошто митингге чыкты

23.03.2021 13:40
539
Абхазиянын номери менен жүргөн унаалардын ээлери Бишкекте жана Ошто митингге чыкты

Бүгүн, 23-мартта Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдында жана Ош шаарында  Абхазиянын номери менен жүргөн айдоочулар митингге чыгышты.


Нааразы болуп чогулгандар Абхазиянын унааларынын көйгөйүн кыргыз элинин пайдасына чечип бергиле деген талап менен чыгышкан. Алар "өлкө ичинде абхаз номерлери менен жүрүүгө уруксат бериңиз", "Садыр Жапаров биздин көйгөйдү чечип бериңиз" деген плакаттарды кармап алышкан.


"Биздин чыгышыбыздын себеби, абхаз унааларын сатып алып жатканда тыюу салынганын эч ким билдирген эмес. Мен муну каттоо кызматынан дагы тактагам. Унааларды көпчүлүк насыяга алышкан. Акыркы күндөрү токтотуп жатышат, эмнеге токтотуп жаткандарын өздөрү билишпейт. 3 жылдан бери мындай унаалар жайма-жай айдалып жүрүп эле эми тыюу салынып, токтотуп салгандары туура эмес. Абхаз номер болгону менен кыргыздар эле айдап жүрөбүз да. Ушул маселени чечип беришин талап кылып жатабыз. Бул эч кандай транзиттик номерлер эмес, ЕАЭБде деле 1 жыл ичи айдаганга уруксат берилген, бул жерде көпчүлүгүнүн унааларына 3 ай боло элек", - деди митингдин катышуучуларынын бири.


Буга чейин Бажы кызматы Абхазиянын номери тагылган автоунааларды албоого чакырып, алар кармалып токтотулуп жатканын кабарлаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн