Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 10:48
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Абибилла ажы Кадырбердиев Бакыт Нурдиновго жооп берди

13.02.2021 15:07
1743
Абибилла ажы Кадырбердиев Бакыт Нурдиновго жооп берди

Бакыт Нурдинов жазганга жооп айта кетейин. Чындыгында мен жүйөөлүү себептерге көрө жыйынга кечигип келдим. Ал катты мен келгенге чейин окуп талкуулашыптыр. Андан кийин мен киргенде ал катты мен көргөнүм да жок. Мага алдын ала тийиштүү мамлекеттик органдардан (ДИМК): “Бүгүнкү жыйында сизди каралоо болуш ыктымалы бар. Андыктан эмоцияга алдырбаңыз, жыйынды тынч өткөрүңүз”, деп айтылгандыктан. Сөздүн чоо жайын жакшы аңдалбай калган. Андыктан мен; “Хоп дамулла, макул сиз айткандай болсун. Жыйынды бапштайлы”, деп айтканмын. Ал жерде ачык бир нерсени моюнга алуу болгон эмес. Дагы кайталайм, ал катты мен жазган эмесмин, жаздырган да эмесмин, жиберген да эмесмин. РФ муфтиятынын эч кимиси менен сүйлөшкөн да эмесмин. 

КМДБнын Борбордук текшерүү комиссиясы Аалымдар кеңешине берген отчетунда муфтияттын РСК банкындагы муфтияттын счетунан 155 миллион сом чыгарылганын жана алты ай аралыгында үстөк пайыздарын кайтарып, декабрь айында акча счетко толук кайтарылгандыгын айтышты. Аны менен бирге ушул күнгө чейин ажылардан чогултулган акча каражаттары РСК банкында депозит абалында турганын да айтышты. Билесиздер депозит абалында турганда банк акча ээсине пайыз төлөп берет. Демек башынан бери муфтияттын банктагы акчасы сүткөрлук жолу менен сакталып туруптур. Буга ким күнөөлүү!? Негизги күнөөлүүнү карабай эле башкаларды каралай берген жакшы эмес. Ошондой экен муфтияттын структасында айлык маяна алып иштеп жаткан 200 дөн ашуун адамдын алган акчалары да арамдыкка күмөндүү болуп жатпайбы. Анан ошол өндүрүлгөн пайыздарды ким жеп жаткан!? Сүткордук кылуу Аллага каршы уруш ачуу менен барабар, же зынадан да бетер деп айтылат го... 155 миллион сом чыгарылып, кайсы тарапка жумшалгандыгы жөнүндө да сөздөрдү угуп жатасыздар. Менин бул дүйнөдө да акыретте Кудай алдында да жоопкерчилигим, ушундай жийиркеничтүү амалдарды токтотуу болуп саналат. Себеби жамандыктан кайтаруу биздин түздөн түз милдетибиз. Белгилүү адамдын мына ушундай былыктары коомчулукка чыкпасын, деп биз ал адамига бир канча жолу эскертүү бергенбиз. Эми ким болсо да шариятты жана мыйзамды одоно бузуп жатса кимдир бирөө көзгө сайып айтуусу керек го... Же койчу көргө кирсин, деп кошомат кылып, жагалданып кала берсе, андай арам иштер улана берсе жакшы болот беле. Борбордук текшерүү комиссиясынын өзү отчетунда айткан 115 миллион сомдун чыгарылып кеткендиги жана акчалардын пайыз алуу жолу менен банкта сакалып туруусунун өзү арам амал болуп жаткандыгына ашыгы менен жетиштүү. Эмне үчүн муну жасагандарга эмес да фейк кат аркылуу мага каралоолор болуп жатат. Баса, Борбордук текшерүү комиссиясынын текшерүү алып баруудагы шалаакылыгы үчүн Аалымдар кеңеши алардын ишин канааттандыраарлык эмес деп баалады. Аны менен бирге кеңеш мүчөлөрү алып жаткан айлык маяналарыбыз сүткордук-арам жол менен келип жаткан болсо эми кантебиз, деген тынчсыздануулары да жөн жеринен эмес. Тийиштүү адамга жасабаган иштерин айтып жалаа жаппай, анык мүчүлүштүктөрүн көзгө сайып айткандыгым үчүн, аны токтотуу үчүн болушунча жаман көрүнгөндүгүм үчүн караланып аткан болсом, баарын Кудайга койдум.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн