Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 19:20
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Абыкеев: "Кумтөр" эч качан эл аралык сотко кайрыла албайт

14.05.2021 17:25
1777
Абыкеев: "Кумтөр" эч качан эл аралык сотко кайрыла албайт


   Кум-Төр анын айланасындагы чырлуу коррупциялык иштер тууралуу деги эле айтылбаган сөз калды беле? Бүгүнкү Акылбек Жапаро тарабынан ачыкка чыгып жаткан сөздүн бары көшөгө артында,ашканада буга чейин деле айтылчуу эмес беле. Кум-Төрдүн Кыргызстанга жасаган мамлеси Кыргызстандын мыйзамдарын кой деги эле дүйнөдөгү бир да мыйзам көтөрө алгыз иш. Алардын ошентип эсирип кетишине, мамлекет ичиндеги эч ким кирише алгыс өзүнчө мамлекет түзүп алышына биринчи кезекте бийликтин эң башында отургандар шарт түзүп беришкени да чындык. Канчалык терең изилденген сайын ошончолук укмуш былыктар чыга берет. Муну биринчи кезекте Кум-Төрдүн жетекчилиги жакшы билет.Ошондуктан Кум-Төрдүн жетекчилиги эч убакта эл аралык сотторго кайрыла албайт деп ойлойм. Мисалга; Экологиялык кылыктары боюнча эл аралык комиссия келип текшеришсе келген комиссиянын мүчөлөрүнүн жүрөктөрү түшүп калат. Анда Түз эле адам заатына анын ичинде жалпы Борбордук Азияга жасаган катастрофалык иштери үчүн милларддаган доллар каражаттарды төлөп эле кутулушпастан бүт камалышы керек болот. Мен муну Кум-Төргө бир жолу барбасам да окуган маалыматтарымдан эле билип бөркүмдөй ишенип турам. Экинчи; Иш үстүндө 30 дан ашык адамдын өмүрү кыйылып, 100 дөн ашык адам майып болуп калса да бир да жетекчи жаза алган эмес. Дүйнөдөгү бир да мамлекетин мыйзамында адам өмүрү кыйылса да эч ким жазаланбай өз билгенин кыла берсин деген көрсөтмө жок. Кум- Төрдүн жетекчилерине токтоосуз кылмыш иши козголушу керек да эгер качып кетишсе интерполго берип коркунучтуу кылмышкерлер деп аташ керек. Ал эми коррупциялык аласа-береселери улам ачыкталган сайын дүйнөлүк коомчулукту жийркендирген факфтылар толуп чыгат. Бул да Кум-Төрдү ишеткендердин абийрин айрандай төгөт. Кум-Төрдү иштеткендердин эл аралык сотко кайрылабыз деши өзүбүздү өзүбүз өлтүрөбүз дегенге барабар. Муну алар жакшы түшүнүшөт деп ойлойм.


Чолпонбек Абыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн