Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 14:15
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Абылгазиев: Бул күрөштө саламаттык тармагындагы дараметтин жетишсиздиги көрүндү

17.04.2020 15:53
1037
Абылгазиев: Бул күрөштө саламаттык тармагындагы дараметтин жетишсиздиги көрүндү


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавируска байланыштуу экономикалык кырдаал боюнча өкмөт мүчөлөрү менен кеңешме өткөрдү, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Премьер-министр белгилегендей, өлкөнүн айрым шаарларында жана райондорунда өзгөчө абал режимин киргизүүгө жана узартууга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбековдун Жогорку Кеңеш колдоого алган чечими азыркы шартта өтө туура болуп саналат. Анын айтымында, бул коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө бурулушка жетишүүнүн зарыл шарты. 

«Инфекциянын жер-жерлерде жайылуусу жада калса дүйнөнүн эң өнүккөн өлкөлөрүндө саламаттык сактоо системасын кризиске алып келди. Пандемия дүйнөлүк экономикага эбегейсиз зыян келтирет жана глобалдык экономикалык кризис кооптуулугун туудурат. Биз пандемия коркунучуна туш болбой коюу мүмкүн эместигин түшүнүп, бардык даярдык чараларын, албетте биздин мүмкүндүктөрүбүздү жана чыныгы шарттарды эске алуу менен кабыл алууга аракет кылдык», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. 

Анын айтымында, вирус улуттук саламаттык сактоо системасындагы гана эмес, экономика чөйрөсүндөгү, жада калса мамлекеттик башкаруудагы курч маселелерди ачыктады. Кризистик кырдаал шарттарында жашоо үчүн маанилүү товарларды сатып алууда чоң кыйынчылыктар жаралды. Өкмөткө кыйла маанилүү финансылык да, материалдык да резервдери жок шартта өз жарандарынын өмүрүн жана саламаттыгын коргоо боюнча чараларды шашылыш түрдө кабыл алууга туура келди. Түзүлгөн жагдай пандемия менен натыйжалуу күрөшүү үчүн ата мекендик саламаттык сактоо системасында дараметтин жетишсиз экендигин көрсөттү.

Биз баарыбыз жарандардын саламаттыгын биринчи кезекте медицина кызматкерлеринин өз жанын аябагандыгынын аркасында сактоого мүмкүн болуп жатканына күбө болуп турабыз”, - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн