Бугу 16, 2024
Убакыт: 22:36
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Абылгазиев Казакстандын премьери менен бардык чек ара пункттарын ачууну макулдашты

10.06.2020 20:38
938
Абылгазиев Казакстандын премьери менен бардык чек ара пункттарын ачууну макулдашты

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан кабарлашты. 

Сүйлөшүүдө кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаал талкууланды. Казак тараптын сунушу боюнча мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги бардык өткөрмө жайларды ачуу жана кыргыз-казак чек арасы аркылуу тоскоолдуксуз жүк ташууларды камсыздоо маселесин чечүү боюнча эки жактуу макулдашууга жетишилди. 

Тараптар буга чейин жетишилген макулдашууларды эки тараптан колдой тургандыктарын ырасташты. 

Ошондой эле сүйлөшүү учурунда коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүү маселелери жана COVID-19 калкты коргоо боюнча тараптар аркылуу көрүлгөн чаралар, мындан аркы кызматташуунун негизги багыттары талкууланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн