Бугу 20, 2024
Убакыт: 10:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Абылгазиев: Кийинки жума инфекциянын жайылуусуна каршы күрөшүүдө эң маанилүү (фото)

10.04.2020 11:28
1425
Абылгазиев: Кийинки жума инфекциянын жайылуусуна каршы күрөшүүдө эң маанилүү (фото)


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экономикалык ишмердүүлүктү калыбына келтирүү маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, ишкерликти колдоонун кошумча чараларын иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Кеңешмеде белгилегендей, буга чейин кабыл алынган өкмөттүн биринчи кезектеги чаралар планы өзгөчө абал режими маалында бизнести сактап калуу жана ишканалардын банкрот болушуна жол бербөөгө багытталган финансы жана салыктык мүнөздөгү кечиктирилгис чаралардын тизмесин камтыйт. 

Ошондой эле калктын социалдык жактан аялуу катмарына жардам көрсөтүү боюнча иш-аракеттер киргизилген. Бүгүнкү күнү өкмөт жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бизнес, донордук уюмдар жана ыктыярчылар менен биргеликте масштабдуу иштерди аткарууда. 

«Кабыл алынган чечимдердин көпчүлүк бөлүгү бизнеске салыктык милдеттемелери, отчет берүү жана насыяларды төлөө боюнча өздөрүнүн пландарын жакынкы аралыкта өзгөртүүгө мүмкүндүк берди. Тилекке каршы, бардык жоготууларды жабуу үчүн өлкөбүз ири ресурстарга ээ эместигин баарыбыз түшүнүп турабыз. Бирок биз бардык күч-аракеттерди жумшоого тийишпиз. Ушул жана кийинки жума инфекциянын жайылуусуна каршы күрөшүүдө эң маанилүү. Буга байланыштуу жарандарыбыздан сабырдуу жана жоопкерчиликтүү болууну өтүнөм», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн