Кулжа 26, 2024
Убакыт: 12:53
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Абылгазиев: Пандемияга карабастан ирригация маселесин чече алдык

06.05.2020 21:43
1006
Абылгазиев: Пандемияга карабастан ирригация маселесин чече алдык


Жазгы талаа иштери өз убагында жүргүзүлүшү керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.  

Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалыматына караганда, майдын аягында бардык талаачылык иштер аяктайт, ал эми айрым аймактарда түшүм жыйнала баштайт.

Эң негизгиси биз ирригация маселесин чече алдык. Пандемияга карабастан, дыйкандар үрөн, жер семирткич жана күйүүчү-майлоочу май менен жетиштүү көлөмдө камсыздалды. Кандайдыр бир тобокелчиликтер болду, бирок ошол эле учурда бардык санитардык нормаларды сактоо менен жазгы талаачылык иштерди жүргүзүү үчүн атайын техникаларды сатуу түйүндөрүн ачууга уруксат берилди», - деди премьер-министр.

Өкмөт башчы ошондой эле алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнү баштоо керектигин эске салды. 

«Өткөн кыш жылуу болду, авариялык өчүрүүлөр аз болду. Биз отун, электр энергиясын үнөмдөп жана дебитордук карызды төлөөнү көбөйтө алдык. Быйылкы жылы суу аз болот, бул кыйынчылыктарды алып келет. Ошондуктан энергетика секторун модернизациялоо боюнча буга чейин башталган иштерди мөөнөтүндө аяктоо керек», - деп жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.      

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн