Теке 07, 2024
Убакыт: 23:34
USD
85.70
86.60
EUR
92.60
93.60
RUB
0.955
1.000

Абылгазиев китепкана кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

28.05.2020 08:58
1362
Абылгазиев китепкана кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев китепкана кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын китепканалар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

 

Куттуктоонун тексти:

 

«Урматтуу китепкана кызматкерлери!

 

Кыргызстандын китепкана кызматкерлери 27-майда республиканын китепканалар күнүн белгилешет. Бул майрам Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын демилгеси боюнча 2008-жылы өкмөттүн чечими менен белгиленген. Бул күн 1902-жылы 27-майда Кыргызстанда биринчи коомдук китепкана ачылган күнгө карата алынган. 

 

Бул күн китепкана кызматкерлеринин эле кесиптик майрамы эмес, китепке, окууга, билим алууга, илимге тиешеси бар баардык адамдардын майрамы деп айтсак болот. Өлкөнүн китепканаларында агартуучу интеллигенттердин зор жамааты иштейт, аларсыз улуттук маданияттын мурастарын сактоо жана өнүктүрүү иши мүмкүн эмес. Кыргызстандын китепканаларынын бай тарыхы, жакшы каада-салттары бар, аларда улуттук гана эмес, ошондой эле дүйнөлүк маданияттын да өтө баалуу байлыктары сакталып турат. 

 

Китепканалардын ичинде кыргыз интеллигенциясынын нечендеген муундары өсүп жетилишкен. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө пандемияга байланыштуу болуп жаткан көйгөйлөр менен кыйынчылыктарга карабастан китепканалар биз үчүн маалыматтын, билимдин баа жеткис булагы экенин дагы бир жолу далилдешти.

 

Республиканын китепканалары Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасы башында болуп дүйнөлүк маалыматтык мейкиндикке аралашууга умтулуп жатышат, иштин эл аралык стандарттарын өздөштүрүшүп, санариптик технологияларды жана иштин жаңы форматтарын пайдаланууга өтүп жатышат, бирдиктүү информациялык мейкиндикти түзүүгө жана өлкөнү санариптештирүүгө активдүү катышууда. Азыркы шартта бул биздин китепканалык тутумду өнүктүрүүнүн келечектүү жолу.

 

Урматтуу китепкана кызматкерлери!

 

Сиздерди ушул жаркын майрамыңыздар менен өкмөттүн атынан куттуктайм! Китепканаларга өсүп-өнүгүүнү, ал эми китепканалардын жамааттарына жана алардын көп сандаган окурмандарына чыгармачылык ийгиликтерди, алдыга койгон максаттарынын ишке ашуусун, бакыбаттыкты, чың ден соолукту, ар бириңиздердин үйүңүздөргө бакты-таалай, жаркын маанай каалаймын!   

 

Аткарып жаткан ардактуу ишиңиздер үчүн ыракмат!».

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн