Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 17:52
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Абылгазиев менен Өмүрбекова камалабы? (видео)

12.01.2021 14:53
622
Абылгазиев менен Өмүрбекова камалабы? (видео)


Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Сыймык Жапыкеев пандемия учурунда шалаакылык кетирип, келген жардамдарды кымтып алгандар жооп бере турганын билдирди.


"Пандемияда канча адам өлүп кетти. Эмне алардын жоопкерчилигин эч ким албайбы? Биз азыр  текшерип жатабыз. Бул боюнча Абылгазиев, Боронов, Алтынай Өмүрбекова - ушулар жооп берет. Биз ишти аягына чейин чыгарабыз. Суракка пандемияда ким жооптуу болсо баары келет", - деди Жапыкеев.

 

Ал эми  пандемия убагында кымбат алынган тез жардам унаалары, СИЗ жана башка каражаттар боюнча тиешелүү адамдар жооп берерин кошумчалады. Ошондой эле ал бул боюнча тергөө жүрүп жатканын айтты.


Жуналисттердин Абылгазиевди суракка чакырасыздарбы деген суроосуна "Абылгазиевди да чакырабыз. Керек болсо камалат", - деди финполдун жетекчиси.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн