Бугу 14, 2024
Убакыт: 04:04
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Абылгазиев: "Экономикабыз жоготууга учурайт, бирок калктын ден соолугу маанилүү"

13.03.2020 16:44
682
Абылгазиев: "Экономикабыз жоготууга учурайт, бирок калктын ден соолугу маанилүү"


Коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында киргизилген чектөөгө байланыштуу ата мекендик экономика жоготууга учурайт. Бирок биз үчүн калктын ден соолугу маанилүү, деп билдирди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык штабдын ишин талкуулаган кеңешмеде. 


«Биз коронавирустун Кыргызстандын аймагына киришине жана жайылышына жол бербөө боюнча зарыл чараларды кабыл алдык. Кытай негизги соода өнөктөштөрүбүздүн бири болуп саналат. Анын жалпы товар жүгүртүүдөгү үлүшү 26,4% түзөт", - деди ал. 


Маалыматка ылайык, 2019-жылга карата импорттун жалпы көлөмүндөгү үлүшү 35,4% түзгөн. Негизинен бул өндүрүш үчүн сырьелук база. Азыр сырьенун запасы бар, бирок ташуулар качан жана кандай жол менен калыбына келери белгисиз.


«Мында биздин кемчилдиктерди аныктоого гана эмес, өз өндүрүшүбүздү башынан баштоого аракет кылуу мүмкүндүгү пайда болду», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.   


Өкмөт башчы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу бизнести өнүктүрүүгө көңүл буруу зарылдыгын баса белгиледи. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн