Бугу 09, 2024
Убакыт: 06:55
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Абылгазиев: "Кыргыз сому ЕАЭС аймагында туруктуу валюта"

13.03.2020 14:50
840
Абылгазиев: "Кыргыз сому ЕАЭС аймагында туруктуу валюта"


Быйылкы жылдан тартып Салык кызматы тарабынан жүргүзүлүүчү, көзөмөлдөөчү-текшерүүлөрдүн саны кыскартылат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев улуттук валютаны турукташтыруу боюнча өткөн кеңешмеде билдирди. 


Анын айтымында, эгерде компаниялар салык милдеттерин толугу менен аткарган болсо, анда текшерүүлөр дистанциялык режимге өткөрүлөт.


Мухаммедкалый Абылгазиев финансылык колдоолор боюнча, өлкөдөгү банктардан чет элдик валюталар менен алынган насыялар боюнча талдоолор жүргүзүлөрүн айтты. 


Керектүү көлөмдө социалдык-маанилүү товарларды ташып келүү багытында иштеген бизнеске колдоолор күчөтүлөрүн кошумчалады. 


«2015-жылы болгон мунай кризиси кыргыз сому ЕАЭБде туруктуу, күчтүү валюталардын бири болуп саналарын көрсөттү. Өзүңөргө белгилүү болгондой, 2015-жылы казак тенгеси 35%га, Россиянын валютасы дээрлик 40%га  төмөндөгөн, ошол эле учурда кыргыз сому АКШ долларына карата болгону 8% арзандаган. Бүгүнкү күндө дагы кыргыз сому ЕАЭС аймагында бирден бир туруктуу валюта болуп саналат", - деди премьер


Муну өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулуктун сакталышы, ички рынок товарлар менен жетиштүү көлөмдө камсыздалып турганы, ата мекендик экономикадагы долларлаштыруу деңгээлинин кыскаргандыгы менен шартталды. 2019-жылдын жыйынтыгы менен 35%ды түздү, деди премьер-министр


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн