Бугу 17, 2024
Убакыт: 18:43
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Абылгазиев: "Шайлоо алдында адамдардын массалык түрдө каттоого туруусуна жол бербөө керек"

11.03.2020 14:14
933
Абылгазиев: "Шайлоо алдында  адамдардын массалык түрдө каттоого туруусуна жол бербөө керек"


Алдыдагы жергиликтүү кеңештерди шайлоо өнөктүгү жогорку деңгээлдеги уюшкандыкта өтүүсү керек. Мындай пикирин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев быйыл 12-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештин депутаттарына шайлоону өткөрүүгө карата даярдык көрүү маселеси боюнча жыйындын жүрүшүндө билдирди.

«Жергиликтүү кеңештерди шайлоо өнөктүгү жогорку деңгээлдеги уюшкандыкта өтүүсү керек. Процесстин ачык-айкын өтүшүн камсыз кылуу маанилүү. Биз буга чейин заманбап технологияларды колдонуу менен бир нече жолу шайлоо жана референдум өткөрдүк. Өлкө мындан ары да шайлоо өнөктүгүн өткөрүү боюнча топтогон алгылыктуу тажрыйбасын бекемдеши керек», - деди Өкмөт башчы.


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдарга аймактык шайлоо комиссиялардын жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнө даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу маселелерин чечүүгө толук жардам берүүнү, аларды транспорт, материалдык-техникалык каражаттар, байланыш каражаттары менен, электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кылууну тапшырды.  

«Шайлоо учурунда жер-жерлерде коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу зарыл. Жергиликтүү кеңештерди шайлоону мыйзам бузбай, кынтыксыз өткөрүү маанилүү», - деп белгиледи Премьер-министр.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө тармактык мамлекеттик органдарга мындан ары жарандарды массалык каттоо фактысына жол бербөө тапшырмасы берилди.

 Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Ош, Баткен, Нарын жана Жалал-Абад облустарындагы 25 айылдык кеңештин, ошондой эле 5 шаардык кеңештин (Ош, Майлуу-Суу, Балыкчы, Каракол жана Токмок) депутаттарын шайлоо өнөктүгү болот.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча, мандаттардын жапы саны 544ү түзөт, анын 169 – шаардык кеңеш, 375 – айыл кеңешке. 8-мартка карата шайлоочулардын саны 342 545 адамды түздү.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн