Саясий логика боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев шайлоого чейин иштеп бериши керек. Мындай пикирин саясат таануучу Бакыт Бакетаев “Жаңы Ордо” гезитине курган маегинде билдирген.
“Премьер-министрди азыркы күнөөлөгөн окуя боюнча бир мыйзам уруксат берсе, бир мыйзам жол бербейт деп жазылып калган. Бул саясий маселе. Саясий логика боюнча Абылгазиев шайлоого чейин иштеп бериши керек. Премьер-министр өзүнө ылайыктуу жакшы тайпа түзүп алды. Канчалаган акимдерди, министрдин орун басарларын, ишканаларга жетекчилерди дайындады. Алар ыраазычылыгын билдириш үчүн Абылгазиевди колдойт. Бул адам камалбайт. Карама-каршы келген мыйзамдар бар, ошого такап тура берет”, - дейт Бакетаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн