Бугу 16, 2024
Убакыт: 03:44
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Абылгазиевдин айыптары алына баштады, эми акталабы?

29.01.2021 10:21
2795
Абылгазиевдин айыптары алына баштады, эми акталабы?


Жакында эле камакка алынган экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевден Бишкектеги 100 батирге байланыштуу айып алынды. Бул тууралуу анын адвокаты Данияр Эркимбаев 28-январда сот Абылгазиевдин бөгөт чарасын аныктагандан кийин журналисттерге билдиргенин “Азаттык” үналгысы маалымдады.


26-январдагы биринчи суракта Бишкектеги "Залкар курулуш" компаниясынын 100 батири Асылбек Абылгазиевге таандык деген айыпка (мурдагы премьердин тууганы) байланыштуу суроо берилди. Ал суракта баарын түшүндүрүп бергенден кийин бир күн ичинде кошумча текшерүү жүрүп, анын натыйжасында батирлер боюнча коюлган айып алынды. Бул фактылар Абылгазиевди мыйзамсыз баюу боюнча айыптоого жетиштүү далил жок экенин көрсөттү”, - деген ал.


Муну менен мурдагы премьердин мыйзамсыз баюу боюнча айыбы жокко чыгышы мүмкүн. Узак териштирүү, сот отрумдарынан кийин Абылгазиев “сүттөн ак” болуп чыкпайбы? Андай болсо ага негизсиз айып койгондор, миллиондорду чапчыган мүлктөрү чаптаган кызматкерлер жоопко тартылабы?

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Бакытбек
Таз кейпибизден арыла элек экенбиз. Тергоо маалында алчусун алып, ишти жаап жатышат. Анда калп информация бергендер камалсын