Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасы дагы эки айга узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук соту кабарлады.
Маалым болгодой, Абылгазиев УКМКнын тергөө абагында 26-июлга чейин отурат.
Эске салсак, Абылгазиев мыйзамсыз баюу жана "Кумтөр Голд Компани" Жабык Акционердик коомуна 26,3 гектар жерди чалгындоого уруксат берүүгө айыпталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн