Бугу 05, 2024
Убакыт: 06:33
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Абылгазиевдин өкмөтү "сиз-бизди" качан токтотот?

21.04.2020 17:16
1285
Абылгазиевдин өкмөтү "сиз-бизди" качан токтотот?


Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчылыгына келгенине туура эки жыл убакыт болду. Бул кызматты ээлеген акыркы бир нече премьер-министрлерге салыштырмалуу узакка отурган өкмөт башчы болуп турат. Жакында эле анын отставкага кетүү тууралуу арыз жазганы боюнча социалдык түйүндөрдө маалымат тарап, анын ордуна бир нече талапкердин аты-жөндөрү аталып кеткен. Бирок, бул маалыматты өкмөттүн аппаратынын маалымат-саясат бөлүмүнүн башчысы бат эле төгүндөдү. Анын айтымында «өкмөт башчысы өз ишин күчөтүлгөн режимде улантып жатат жана коронавирус менен күрөшүү кырдаалында дем алышсыз иштеп жатат»


Демек, Мухаммедкалый Дүйшекеевичтин азырынча кызматтан кетейин деген ниети жок. Негизи эле ушул акыркы эки жылдан бери Абылгазиевдин өкмөтүн отставкага кетирүү тууралуу пикирлер өтө көп айтылып келди. Ал ачыгын айтканда кандайдыр бир чечкиндүү кадамдары менен эсте калган деле премьер боло алган жок. Бирок, өзүнө чейинкилерге салыштырмалуу креслодо узакка отурган премьер боло алды. Кызматта узакка отуруу менен эффективдүү иштөөнүн айырмачылыгы албетте башка кеп. 


Абылгазиевдин өкмөтүнүн кетирген катачылыктары жетишээрлик эле болду. Алардын акыркысы – бул коронавирус эпидемиясына байланыштуу. Саламаттыкты сактоо системасынын түрдүү кызматтары үчүн аракеттердин алгоритми иштелип чыкпаганы жана аларды вирустан коргоо үчүн жеке коргоочу каражаттар өз убагында сатылып алынбаганы билинди. Натыйжада коронавирус илдетин жугузуп алган медиктердин саны өсүп жатат. 


Ал эми Абылгазиевдин атына байланыштуу кандайдыр бир элге жаккан өзгөчө долбоор да болгон жок. Анда ал бул кызматта узакка отурганын сыры эмнеде деген суроо жаралып жатабы? Себеби жөнөкөй гана, ал түрдүү ички элиталык топтордун кызыкчылыктарына каршы ачык конфликттерге барбайт. Баары менен «сиз-биз» деген жылуу-жумшак мамилени сактоону мыкты өздөштүргөн. 


Бирок, качанкыга чейин ушундай «сиз-биз» мамилеси менен иштей беребиз? Азыр коронавируска байланыштуу дүйнө экономикасы акырындык менен кризиске кептелип баратат. Бул өзгөчө Кыргызстанга окшогон экономикасы алсыз мамлекеттерге олуттуу терс таасирин тийгизээри да белгилүү. Демек, мындай учурда мамлекеттик деңгээлде кризистин сазына батып калбай тургандай кардиналдуу реформалар керек. Ошондо коронакризисти М. Абылгазиев чоң өзгөрүүгө алып бара турган реформаларды ишке ашырууга пайдалана алабы? 


Өкмөт азыркы тапта сырттан алган жардамдарды бөлүштүрүп коюу менен эле чектелип отурабы же кандайдыр бир өз алдынчалыкка жетелей турган жаңы аракеттерди жасап жатабы? Мисалы, мамлекеттик органдардын күтүүсүз кризиске реакциясы кандай болушу керектиги боюнча иш-чараларды өткөрүп жатабы? Министрликтердин, ведомстволордун эффективдүү карым-катышын камсыз кылуу үчүн структуралык өзгөрүүлөрдү жасай алабы? Деги эле коронавирус илдетинен кутулгандан кийинки экономикалык абалды оңдоо үчүн кандай жаңы аракеттер жасалат? Деги эле ушундай аракеттер болуп жатабы? Эгер жөн гана сырттан келген жардамдарды бөлүштүрүп, илдетке чалдыккандардын санын эсептеп отурган болсо, анда кийинки абалыбыз чатагына айланып калбайбы?


Канатбек Аскаров

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Окмот2
Азыркы окмот элементарный коргонуучу кийимдерди, тесттерди, маскаларды алып коюшпаптыр. Эми эмнени кыйратат эле Ошондуктан реформатор окмот башчы керек.
Окмот
Окмоттун бардык мучолорун жоопкерчилигин караш керек.Элди алдап, бары сонун, барына даярбыз деп, элге орсок эмчекти ушул кунго чейин эмизип келген экен