Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 00:18
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Абиров менен Жакышовго парламенттин эшиги ачылдыбы?

18.06.2021 12:08
2775
Абиров менен Жакышовго парламенттин эшиги ачылдыбы?


Бишкек шаардык кеңешине “Эмгек” партиясынан аттанган Жаныбек Абиров менен Руслан Жакышов тизмеден чыгып, шайлоого катыша албай калды. Буга айрым күчтөр себеп болгону айтылууда. Тактап айтканда ачык эле бут тосуу болгону белгилүү боло баштады. Таскагы катуу чыгып, акыркы “аламан жарышта” алдыга чыккан “Эмгектин” бул талапкерлеринин артында калың эли, миңдеген шайлоочулары бар экени жашыруун эмес. Ушул жылдын 11-апрелинде өткөн шайлоодо Абиров менен Жакышов профессионал командасы менен борбор калаада эң көп добуш алган лидерлердин катарына кирди.


Кандай болгон күндө да таскагы катуу чыгып, элдин купулуна толуп жаткан Жаныбек жана Руслан мырзаларды “буттан чалгандар” алысты көрө албаган “оюнчулар” экен деп калдык. Анткени шаардык кеңештин эшиги жабылганы менен бул жигиттерге күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого жол ачылды. Ошентсе да Абиров менен Жакышов “Эмгектен” алыстабай, партиянын уюштуруу иштерине кол кабыш кылып жатканын уктук. Бул албетте туруктуулуктун, команда үчүн аягына чейин турган жигиттиктин белгиси. Кыргыз элинде ушундай мырзалар көп болсун.

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Касымалиева Жылдыз Алмазбековна
Иштей турган жигиттер
Азамат
Жакышов Руслан татыктуу адам жана озунун ишин билет!
Алтынай
Жаныбек Абиров, Руслан Жакышов алгалап өсө бериңиздер.
Динара Табалдиева.Токтогул.
Руслан Жакышов татыктуу талапкер деп билем.Буга чейин коп иштерди жасаган.Мындай жигиттерге бут тосуу коп болот.Бирок чычалабай чыйралуу керек.